Skip to content

Кимди Аллахтын кыямат күнүндөгү кыйынчылыктардан куткаруусу сүйүнтсө, анда карызын төлөй албай жаткан кыйналган адамга жеңилдик берсин, же карызын (баарын же бир бөлүгүн) кечип салсын.

التصنيف الشرعي
الفقهفقه المعاملاتالقرض

Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Ал өзүнүн карызкорун издеди, ал андан жашырынып жүргөн болот. Кийин аны таап алганда, ал: "Чындыгында, менин шартым оор (карызды төлөөгө чамам жок)", - деди. Абу Катада: "Аллахтын аты менен ант ичесиңби?" - деп сурады. Ал айтты: "Аллахтын аты менен (ант ичем)". Ошондо Абу Катада мындай деди: "Чынында, мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын:

«Кимди Аллахтын кыямат күнүндөгү кыйынчылыктардан куткаруусу сүйүнтсө, анда карызын төлөй албай жаткан кыйналган адамга жеңилдик берсин, же карызын (баарын же бир бөлүгүн) кечип салсын».

«مَنْ سَرَّهُ أَنْ يُنْجِيَهُ اللهُ مِنْ كُرَبِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ فَلْيُنَفِّسْ عَنْ مُعْسِرٍ أَوْ يَضَعْ عَنْهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Абу Катаада аль-Ансаарий (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнөн жашынып жүргөн бир карызкорун издеп жүрүп, аны таап алды. Ошондо карызкор: "Менин абалым оор, сенин карызыңды төлөөгө менде акча жок" - деди. Ошондо Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) анын эч кандай мал-мүлкү жок экенине Аллахтын аты менен ант берүүсүн талап кылды. Ал айтып жаткан сөздөрүндө чынчыл экендигине (туура айтып жатканына) Аллахтын аты менен ант ичти. Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын укканын баяндады: Кимди Аллах кыямат күнүнүн кайгыларынан, кыйынчылыктарынан жана коркунучтарынан куткарышы сүйүнтүп жана кубантса, анда ал карызды талап кылуу мөөнөтүн узартып жана кечиктирүү менен, же карызынын бир бөлүгүн же аны толук кечип салуу менен карыздан кыйналган адамга жеңилдик берсин.

Хадистин пайдалары

Карыздан кыйналган адамга жеңилдик келгенге чейин мөөнөт берүү, же анын карызынын бир бөлүгүн же аны толук кечип жиберүү – мустахаб.

Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күнүндөгү кайгыдан арылтат. Анкени, иш-аракеттин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот.

Эреже: Парздар нафилдерден артык, бирок кээ бир учурларда нафил парздан артык болот. Карыздан кыйналган адамдын карызын кечип жиберүү – нафил, ал эми ага сабыр кылуу, күтүү жана карызды талап кылбоо – бул парз, жана бул жерде нафил парздан артык.

Бул хадис карызын төлөөгө чамасы жетпеген (чын эле кыйналган) адамга карата айтылган, ал үзүрлүү. Ал эми мал-мүлкү бар болуп туруп карызды кечиктирген адамга келсек, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал жөн мындай деп айтканы келген: "Бай адамдын карызды кечиктирүүсү зулумдук".

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1196) (1563).

Сахих Муслим (3/ 1196) (1563).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 457).

الكاشف عن حقائق السنن(شرح المشكاة).

للطيبي (7/ 2172).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (16/ 392).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

للقاري (5/ 1954).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 945).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 457).

الكاشف عن حقائق السنن(شرح المشكاة).

للطيبي (7/ 2172).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (16/ 392).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

للقاري (5/ 1954).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 945).