Жагымдуу түш - Аллахтан, жаман түш - шайтандан. Эгерде кимдир бирөөңөр корко турган жаман түш көрсө, сол тарабына түкүрсүн жана Аллахтан анын жамандыгынан сактоону сурансын. Ошондо ал ага зыян тийгизбейт.
Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Жагымдуу түш - Аллахтан, жаман түш - шайтандан. Эгерде кимдир бирөөңөр корко турган жаман түш көрсө, сол тарабына түкүрсүн жана Аллахтан анын жамандыгынан сактоону сурансын. Ошондо ал ага зыян тийгизбейт».
«الرُّؤْيَا الصَّالِحَةُ مِنَ اللَّهِ، وَالحُلُمُ مِنَ الشَّيْطَانِ، فَإِذَا حَلَمَ أَحَدُكُمْ حُلُمًا يَخَافُهُ فَلْيَبْصُقْ عَنْ يَسَارِهِ، وَلْيَتَعَوَّذْ بِاللَّهِ مِنْ شَرِّهَا، فَإِنَّهَا لاَ تَضُرُّهُ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүндө көргөн туура, кубанычтуу түш Аллахтан, ал эми жаман түш, б.а. өзүнө жакпаган жана кайгырткан түш шайтандан экенин кабарлаган. Ким өзүнө жакпаган түш көрсө, сол тарабына түкүрүп, Аллахтан анын жамандыгынан сактоону сурансын. Ошондо ага анын зыяны тийбейт, анткени Аллах айтылгандарды (сол тарапка түкүрүү жана дуба) түштөн келип чыгуучу жамандыктан сактап калууга себеп кылган.
Руъя жана хулум — бул уктап жаткан адамдын түшүндө көргөн нерселери. Бирок, адатта (көпчүлүк учурда) "руъя" сөзү жакшы, жагымдуу нерселерди көргөндө колдонулат. Ал эми "хулум" сөзү көбүнчө жаман, иренжиткен же коркунучтуу нерселерди көргөндө айтылат. Ошентсе да, кээде бул эки сөз бири-биринин ордуна да колдонула берет (б.а. синоним катары да келе берет).
Түштүн түрлөрү: 1- Жагымдуу түш, ал – чындык түш жана Аллахтан болгон сүйүнчү, аны адам өзү көрөт же ага көрсөтүлөт. 2 - Ички ойлор, ал – адамдын ойгоо кезинде өзүнө-өзү сүйлөгөн (ойлонгон) нерселери. 3 - Адам баласын кайгыга салуу үчүн шайтандын кайгыртуусу, коркутуусу жана андан болгон үрөй учуруулар.
Жакшы түш тууралуу айтылгандардын жыйынтыгы үч нерсе: ал үчүн Аллахка мактоо айтуу, аны менен кубануу жана ал жөнүндө өзү жаман көргөн адамга эмес, жакшы көргөн адамга гана айтуу.
Өзүнө жакпаган (жаман) түштүн адеби тууралуу айтылгандардын жыйынтыгы беш нерсе: Аллахтан анын жамандыгынан жана шайтандын жамандыгынан сактоону сурануу, уйкусунан ойгонгондо сол тарабына үч жолу түкүрүү, аны эч кимге такыр айтпоо, эгер кайра уктоону кааласа, жаткан тарабынан башка тарабына оодарылып жатуу. Эгер ушуларды аткарса, ал түш ага эч кандай зыян бербейт.
Сахих ал-Бухари (4/ 125) (3292).
Сахих Муслим (4/ 1771) (2261).
Дагы (12)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (11/ 190).
بهجة الناظرين.
لسليم الهلالي (2/ 125).
بهجة قلوب الأبرار.
لعبد الرحمن آل سعدي (ص149).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 170).
منار القاري.
لحمزة محمد قاسم (1/ 44).
المنهاج شرح صحيح مسلم.
للنووي (15/ 18).