Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
Filter
Pick a property to filter by
الفئة المستهدفة1
حجم المحتوى2
التخريج المتعدد2

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

"Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب، الاستنجاء وقضاء الحاجةموضوعات الحديثآداب الأكل والشرب، آداب قضاء الحاجة، أحكام الاستنجاء والاستجمار
"Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Эй, бала! Бисмиллах" - деп, Аллахтын атын ата. Оң колуң менен жана өз алдыңдан жегин!" – деп айтты. Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب، تربية الأولادموضوعات الحديثآداب الأكل والشرب
Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын" - деди. (Анткени) тиги текеберленип ошенткен болчу. Ошентип ал колун оозуна жеткире көтөрө албай калды.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأخلاق الذميمة، آداب الأكل والشرب، دلائل النبوةموضوعات الحديثآداب الأكل والشرب، متابعة الرسول ﷺ، الكبر
"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضل الذكر، آداب الأكل والشربموضوعات الحديثالذِّكْر، آداب الأكل والشرب، الشكرمحاور التعريف بالإسلامالتذكير بنعم الله علينا
"Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأحكام التشبه، آداب الأكل والشربموضوعات الحديثالتشبه بالكفار، آداب الأكل والشرب
"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе, шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب الأكل والشرب، هدي النبي صلى الله عليه وسلم في الذكر، فوائد ذكر الله عز وجل، أذكار الدخول والخروج من المنزلموضوعات الحديثالذِّكْر، أذكار الليل، آداب الأكل والشرب