Skip to content

Мен көркөм кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилдим.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Мен көркөм кулк-мүнөздөрдү толуктоо үчүн жиберилдим».

«إِنَّمَا بُعِثْتُ لِأُتَمِّمَ مَكَارِمَ الْأَخْلَاقِ».

Бухари «Адаб ал-Муфрадда», Ахмад жана Байхаки риваят кылган
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыктарын жана көркөмдүгүн толуктоо үчүн гана жөнөткөндүгүн кабарлаган. Себеби Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн мурда өткөн элчилердин жолун жана арабдардын жакшы кулк-мүнөздөрүн толуктоочу болуп жиберилген эле. Алар жакшылыкты сүйүп, жамандыкты жек көргөн, адамгерчиликтүү, жоомарт жана намыскөй эл болчу. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын кулк-мүнөзүндөгү кемчиликтерди толуктоо үчүн жөнөтүлдү, мисалы, ата-теги менен мактануу, текеберлик, кедейлерди кемсинтүү ж.б.

Хадистин пайдалары

Жакшы кулк-мүнөзгө үндөп, ага карама-каршы болгон жаман мүнөздөрдөн кайтаруу керек.

Ислам шариятында жакшы кулк-мүнөздүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү, анткени ал анын артыкчылыктуу маселелеринен болуп эсептелет.

Жахилият адамдарында жакшы адеп-ахлактын калдыктары бар эле, алардын катарында айкөлдүк, кайраттуулук ж.б. Ислам дини аларды толуктоо үчүн келди.

Булактар

Муснад Ахмад (14/ 512) (8952).

Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (10/ 191) (20819).

Муснад Ахмад (14/ 512) (8952).

Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (10/ 191) (20819).

Дагы (4)

ал-Адаб ал-Муфрад (ص104) (273).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (22/ 118).

ал-Адаб ал-Муфрад (ص104) (273).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (22/ 118).