3 : 134
ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ فِي ٱلسَّرَّآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَٱلۡكَٰظِمِينَ ٱلۡغَيۡظَ وَٱلۡعَافِينَ عَنِ ٱلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-ихсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.
Explanation & meanings · 1
- Ихсандын эки түрү бар: 1) Аллахка ибадат кылуудагы эхсан. 2) Макулуктарга мамиле кылуудагы эхсан. Ибадаттагы эхсанды пайгамбарыбыз: “Ихсан - бул Аллахка Аны көрүп тургандай ибадат кылууң. Эгер сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат” деп түшүндүргөн.