"Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу.
Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".
«إِنَّمَا مَثَلُ الْجَلِيسِ الصَّالِحِ وَالْجَلِيسِ السَّوْءِ كَحَامِلِ الْمِسْكِ وَنَافِخِ الْكِيرِ، فَحَامِلُ الْمِسْكِ: إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَبْتَاعَ مِنْهُ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ مِنْهُ رِيحًا طَيِّبَةً، وَنَافِخُ الْكِيرِ: إِمَّا أَنْ يُحْرِقَ ثِيَابَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ رِيحًا خَبِيثَةً».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү адамды мисал келтирди: Биринчиси: Сөзгө ынак адам жана салих дос, ал Аллахка жана Аллах ыраазы боло турган иштерге багыт берет, Ага баш ийүүгө түрткү болот. Ал атыр саткан адамга окшош, сага атыр бериши мүмкүн, же сен андан атыр сатып аласың, же сен анын жыпар жытын жыттайсың. Экинчиси: Жаман жолдош же табакташ. Ал Аллахтын жолунан тыят, күнөө иштерди кылууга түрткү болот. Андан жаман иштерди гана көрөсүң, өзү сыяктуу сенден да жаман иштерди кылууну талап кылат. Ал көөрүк менен отту кызыткан темир уста сыяктуу. Анын учурган учкунуна кийимиңди күйгүзөсүң, же андан жаман жытты жыттайсың.
Угуучуга маани түшүнүктүү болуусу үчүн мисалдарды келтирүүгө болот.
Ибадатчыл, салих адамдар менен отуруу. Бузукулардан жана жаман мүнөздүүлөрдөн алыс болуу зарыл. Хадис ушуга үндөп, кызыктырган.
Сахих ал-Бухари (7/ 96) (5534).
Сахих Муслим (4/ 2026) (2628).
Дагы (5)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 431).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
مجموعة من الباحثين (1/ 339).
شرح النووي على مسلم (16/ 178).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (3)
- الحقيقة المُبْهِرَة في العلاقة بين الإسلام والإنسان(إنما مثل الجليس الصالح، والجليس السوء؛ كحامل المسك، ونافخ الكير، فحامل المسك؛ إما أن يحذيك، وإما أن تبتاع منه، وإما أن تجد منه ريحاً طيبة، ونافخ الكير إما أن يحرق ثيابك، وإما أن تجد ريحاً خبيثة)[134].
- المناهج التعليمية - الصف السادسالمناهج الدراسية - الحديث - الصف السادس - الفصل الثاني«إِنَّمَا مَثَلُ الْجَلِيسِ الصَّالِحِ وَالْجَلِيسِ السُّوءِ كَحَامِلِ الْمِسْكِ وَنَافِخِ الْكِيرِ؛ فَحَامِلُ الْمِسْكِ إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ مِنْهُ رِيحًا طَيِّبَةً، وَنَافِخُ الْكِيرِ إِمَّا أَنْ يُحْرِقَ ثِيَابَكَ
- مشروع المنهج التعليميمادة الحديث مستوى 1«مَثَلُ الجَلِيسِ الصَّالِحِ وَالسَّوْءِ، كَحَامِلِ المِسْكِ وَنَافِخِ الكِيرِ، فَحَامِلُ المِسْكِ: إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَبْتَاعَ مِنْهُ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ مِنْهُ رِيحًا طَيِّبَةً، وَنَافِخُ الكِيرِ: إِمَّا أَنْ يُحْرِق