Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الأنعَام

الأنعَام is chapter 6 of the Quran and has 165 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

165 Аяттар Сүрөнүн номери 6
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ

Асмандарды жана жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор! Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы көңүл бурууга ылайык болгон нерсе: Аллах “Нур” сөзүн жекелик сан түрүндө, “караңгылыктарды” көптүк түрүндө келтирди. Мунун мааниси, Аллахтын жолунан адаштырган азгырык-караңгылык жолдору санаксыз болгону менен Аллахка алып баруучу нурдуу, акыйкат жолу бирөө гана экенин билгизет.

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن طِينٖ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلٗاۖ وَأَجَلٞ مُّسَمًّى عِندَهُۥۖ ثُمَّ أَنتُمۡ تَمۡتَرُونَ

Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Анын алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар.

وَهُوَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَفِي ٱلۡأَرۡضِ يَعۡلَمُ سِرَّكُمۡ وَجَهۡرَكُمۡ وَيَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُونَ

Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат.

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат (аны угуп, ой жүгүртүп көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти.

فَقَدۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَسَوۡفَ يَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет.

Explanation & meanings · 1
  1. Курандагы кабарларды.