6 : 52
وَلَا تَطۡرُدِ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ رَبَّهُم بِٱلۡغَدَوٰةِ وَٱلۡعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجۡهَهُۥۖ مَا عَلَيۡكَ مِنۡ حِسَابِهِم مِّن شَيۡءٖ وَمَا مِنۡ حِسَابِكَ عَلَيۡهِم مِّن شَيۡءٖ فَتَطۡرُدَهُمۡ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап дуба кылган кишилерди (алдыңдан) кетирбегин! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңден аларга эч нерсе жок. Аларды кетирип, залым адамдардан болбогун!
Explanation & meanings · 1
- Курайш уруусунун бай-манаптарынан бир нечеси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга: “Эгер биз ыйманга кирип, сени менен отурушубузду кааласаң, тиги селсаяк-кедейлерди айдагын. Биз алар менен бирге отурууга арданабыз” дегенде, Аллах ушул аятты түшүргөн.