Skip to content
الأنعَام /

Аят 19

6 : 19

Аят 19 of الأنعَام (6 : 19). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

الأنعَام Аяттар 165
6 : 19

قُلۡ أَيُّ شَيۡءٍ أَكۡبَرُ شَهَٰدَةٗۖ قُلِ ٱللَّهُۖ شَهِيدُۢ بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۚ وَأُوحِيَ إِلَيَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَۚ أَئِنَّكُمۡ لَتَشۡهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخۡرَىٰۚ قُل لَّآ أَشۡهَدُۚ قُلۡ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ وَإِنَّنِي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ

Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага бул Куран аян-кабар түрүндө берилди, силерди жана ал (Куран) жеткен баардык адамдарды эскертүүм үчүн». (О, аян-кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”

Explanation & meanings · 1
  1. Исламдын негизи - Таухид (жалгыз Аллахка сыйынуу) Ал эми, Таухиддин негизи Аллахтан башка бардык «кудайлардан» жүрөктү тазалап алуу.