6 : 65
قُلۡ هُوَ ٱلۡقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبۡعَثَ عَلَيۡكُمۡ عَذَابٗا مِّن فَوۡقِكُمۡ أَوۡ مِن تَحۡتِ أَرۡجُلِكُمۡ أَوۡ يَلۡبِسَكُمۡ شِيَعٗا وَيُذِيقَ بَعۡضَكُم بَأۡسَ بَعۡضٍۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَفۡقَهُونَ
Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!” (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.
Explanation & meanings · 1
- Жиберген элчисин укпай койгондо, Аллах таала тарыхта өткөн мушрик коомдордун үстүнөн таш жаадырып, же болбосо бутунун астындагы жер аларды жутуп жиберип, азаптаган. Аллахтын бейбаш-мушрик коомдорго жибере турган дагы бир азабы бар. Бул - алардын ар түрдүү топторго бөлүнүп алып, өз ара кырылышып, бири-бирине зулумдук кылуулары. Аллах таала Өз ырайымы менен мусулман үммөтүн асмандан таш жаадыруу, жерге жуткуруу сыяктуу азаптардан сактап турат. Бирок, топторго бөлүнүп, бири-бири менен кырды-бычак болуу, биринин жерин бири басып алуу сыяктуу азаптар менен азаптай баштаганына көп болду. Мунун баары Анын өкүмү менен жашабагандыктын кесепети.