6 : 95
۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلۡحَبِّ وَٱلنَّوَىٰۖ يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَمُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتِ مِنَ ٱلۡحَيِّۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
Аллах данды да, данекти да жаруучу! Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат! (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?!
Explanation & meanings · 2
- Бардык жемиштер, дарактар, өсүмдүктөр дан менен данектен чыгат. Аллах дан менен данекти жарбаганда бардык макулуктар ырыскысы жок калмак. Улуу кудуретине, Даанышмандыгына даңк!
- Бир тамчы суу – спермадан, кыймылсыз каткан жумурткадан жан-жаныбарларды чыгарды, жашоо белгиси жок дан-данектен өсүмдүк-дарактарды чыгарды. Жана кайра эле жаныбар, өсүмдүктөрдөн кыймылсыз уруктарды, жансыз жумуртканы жана дан-данекти чыгарат.