6 : 121
وَلَا تَأۡكُلُواْ مِمَّا لَمۡ يُذۡكَرِ ٱسۡمُ ٱللَّهِ عَلَيۡهِ وَإِنَّهُۥ لَفِسۡقٞۗ وَإِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِهِمۡ لِيُجَٰدِلُوكُمۡۖ وَإِنۡ أَطَعۡتُمُوهُمۡ إِنَّكُمۡ لَمُشۡرِكُونَ
Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер!
Explanation & meanings · 1
- Аллах тааланын «Союлгандан башкасы – арам» деген өкүмү түшкөн кезде мушриктер өзү өлүп калган жандыктын этин адал санап жешчү. Өкүм түшкөндөн кийин мусулмандар өлүмтүктүн (тарптын) этин арам деп эсептеп калганда мушриктер алар менен: «Эмне үчүн силер өзүңөр өлтүргөндүн этин жеп, Аллах өлтүргөндүн этин жебейсиңер?» деп талаша баштады. Бул аят ошол окуяга байланыштуу түшкөн.