Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

المَائدة

المَائدة is chapter 5 of the Quran and has 120 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

120 Аяттар Сүрөнүн номери 5
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَوۡفُواْ بِٱلۡعُقُودِۚ أُحِلَّتۡ لَكُم بَهِيمَةُ ٱلۡأَنۡعَٰمِ إِلَّا مَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ غَيۡرَ مُحِلِّي ٱلصَّيۡدِ وَأَنتُمۡ حُرُمٌۗ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ مَا يُرِيدُ

О, ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп берилгенден башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихрамда турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллах Өзү каалагандай өкүм кылат.

Explanation & meanings · 1
  1. “Ихрам” деп, ушул аталыштагы атайын даярдалган матаага оронуп, Кааба зыяратын (ажы же умра) ниет кылып чыккан адамдын абалына айтылат. Ал киши качан ниет кылган ибадаттарын аткарып бүтмөйүнчө “ихрамда” болот жана ал кишиге кээ бир белгилүү нерселер менен бирге аң уулоого да уруксат берилбейт.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُحِلُّواْ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ وَلَا ٱلشَّهۡرَ ٱلۡحَرَامَ وَلَا ٱلۡهَدۡيَ وَلَا ٱلۡقَلَٰٓئِدَ وَلَآ ءَآمِّينَ ٱلۡبَيۡتَ ٱلۡحَرَامَ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّهِمۡ وَرِضۡوَٰنٗاۚ وَإِذَا حَلَلۡتُمۡ فَٱصۡطَادُواْۚ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ أَن صَدُّوكُمۡ عَنِ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ أَن تَعۡتَدُواْۘ وَتَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَلَا تَعَاوَنُواْ عَلَى ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَٰنِۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыз ажылык мезгилинде курмандык үчүн айдап бара жаткан төөлөрүнүн мойнуна кээ бир нерселерди мончок кылып асып койгон. Бул алардын башка жаныбарлардан айырмаланып туруусу жана урматталуусу үчүн ишаарат-белги эле. Демек, курмандык жандыктын мойнуна мончок тагуу - сүннөт.

حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦ وَٱلۡمُنۡخَنِقَةُ وَٱلۡمَوۡقُوذَةُ وَٱلۡمُتَرَدِّيَةُ وَٱلنَّطِيحَةُ وَمَآ أَكَلَ ٱلسَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيۡتُمۡ وَمَا ذُبِحَ عَلَى ٱلنُّصُبِ وَأَن تَسۡتَقۡسِمُواْ بِٱلۡأَزۡلَٰمِۚ ذَٰلِكُمۡ فِسۡقٌۗ ٱلۡيَوۡمَ يَئِسَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن دِينِكُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِۚ ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздаганда бүркүп чыккан) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам» менен төлгө салууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасооңор) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке силердин колуңарга өткөндөн кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жегенге мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ыйрамдуу.

Explanation & meanings · 3
  1. "Тытып" деген сөз жырткыч куштарга тиешелүү.
  2. Өлүмтүктөрдүн арасынан чегиртке менен балыктын тарпы арам эмес. Мууздаганда адал болуунун шарты, мусулман адам "бисмиллахи Аллоху Акбар" деп мууздашы керек. Жогоруда айтылгандай кырсыктарга кабылган айбандардын жаны чыга электе мууздалышы керек.
  3. Исламдан мурунку (жахилия) доорунда, мушрик арабдар бир ишке киришээрден мурда, экиленип калчу болсо, "азлам" деп аталган пал ачуу өнөрлөрүнөн пайдаланышчу. "Азлам" - бул бирине "жасайсың", экинчисине "жасабайсың", деп жазылып, үчүнчүсүндө жазуусу жок болгон үч таякча. Ал таякчалар бир торбонун ичине салынган болуп, жанагы киши аларды аралаштырып, бирөөсүн тандаган. Эгер "жасайсың" чыкса, жасаган. "Жасабайсың" чыкса - кайткан. Ал эми жазуусу жогу чыкса кайра салып, эки жазуу барынын бирөөсү чыкмайынча аралаштыра берген. Бул аят пал ачуунун бардык түрлөрүнүн арам экенине далил болот.

يَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَآ أُحِلَّ لَهُمۡۖ قُلۡ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُ وَمَا عَلَّمۡتُم مِّنَ ٱلۡجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ ٱللَّهُۖ فَكُلُواْ مِمَّآ أَمۡسَكۡنَ عَلَيۡكُمۡ وَٱذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهِۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ

Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллах силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллахтын ысымын эстегиле. Аллахтан корккула! Аллах тез Эсептешүүчү!

Explanation & meanings · 1
  1. Эгер үйрөтүлгөн ит илбээсинди басып жата берип, муунтуп өлтүрсө, ал жогоруда саналган арамдардан бири - муунуп өлгөндүн эсебинде болуп калат. Үйрөтүлгөн ит же куш кармаган олжосунан өзү жей турган болсо, аятта адал болушу үчүн шарт кылынгандай “силер үчүн кармап келген” болбой, өзү үчүн кармаган болот. Ошондой эле, ит же кушту агыткандан соң, артынан жетип барганга чейин илбээсин өлүп калган болсо, анда да, аны ит (же куш) өлтүрдүбү же башка себептен өлдүбү деген күмөн болуп калганы себептүү жегенге болбойт. Адал болушу үчүн ал аңчынын көз алдында өлүшү шарт.

ٱلۡيَوۡمَ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُۖ وَطَعَامُ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ حِلّٞ لَّكُمۡ وَطَعَامُكُمۡ حِلّٞ لَّهُمۡۖ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِيٓ أَخۡدَانٖۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ

Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-аруу аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зына кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо, анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.

Explanation & meanings · 1
  1. “Ыйманга каапыр болуунун” мааниси, “ыймандын алты шартынын бардыгына же бирөө жарымына ынабай койсо” дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, аялзат эгер китеп ээси (яхудий же христиан) болсо да “Иса - Кудай, Мухаммад пайгамбар эмес” десе каапыр болуп эсептелет жана андай ишенимдеги аялга үйлөнүп болбойт.