6 : 9
وَلَوۡ جَعَلۡنَٰهُ مَلَكٗا لَّجَعَلۡنَٰهُ رَجُلٗا وَلَلَبَسۡنَا عَلَيۡهِم مَّا يَلۡبِسُونَ
Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.
Explanation & meanings · 1
- Мушриктердин “Пайгамбарга периште түшүрсө болбойт беле?”, “Адамдан да пайгамбар болот бекен?”, “Пайгамбар периштеден болсо бир жөн” деген сыяктуу сөздөрдү таратуулары акыйкатты түшүнүү үчүн эмес, тетирисинче, анык-тунук акыйкаттын бетине күңүрттүк пардасын тартуу, адамдардын акыл-эсин тумандатуу үчүн эле. Адатта, яхудилер, христиандар жана Мекке мушриктери периштелерди нурдан жаратылганы үчүн аял киши кейипинде элестетишкен. (Чындыгында периштелер жыныска бөлүнбөйт) Жогорку аятта Аллах, периште-пайгамбар түшүрүүнү каалаганда деле, мушриктерди абдыратып коюш үчүн эркек киши сүрөтүндө түшүрүүсүн айтып, пайгамбарын шылдыңдаган адамдардын өздөрүн шылдыңдуу абалга салып коюуга кудуреттүү экендигин эскертүүдө.