6 : 50
قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ إِنِّي مَلَكٌۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”
Explanation & meanings · 1
- Бул аят менен пайгамбарыбыз эч бир адамга өз каалоосу менен байлык, ырыскы, ден-соолук, бакыт-таалай, кыскасы пайда бере албастыгын айтууга буюрулду.