6 : 98
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ فَمُسۡتَقَرّٞ وَمُسۡتَوۡدَعٞۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَفۡقَهُونَ
Ал силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат). Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.
Explanation & meanings · 1
- Түбөлүк жай экөө: же бейиш же тозок болот. Ошол эки жайга келгенге чейин бардык адамдар бир нече убактылуу орундарда: биринчи атанын белинде, кийин эне жатынында, кийин ушул дүйнө жашоосунда, андан соң барзах (мүрзө) жашоосунда Аллах белгилеген мөөнөттө убактылуу болушат.