Жооп: Намаздын окулуу тартиби:
- Бүткүл денеси менен, кыйшайбастан жана жан-жагына карабастан кыбылага жүздөнүү.
- Андан соң, окуй турган намазын тили менен айтпастан, жүрөгү менен ниет кылат.
- Андан кийин "Аллаху Акбар" деп ихрам такбирин айтканда, колдорун эки ийиндин тушуна чейин көтөрөт.
- Анан оң колунун алаканын сол колунун сыртына коюп, көкүрөк тушуна коёт.
- Анан киришүү дубасын айтат:
"Аллахумма бааъид байни ва байна хотаяа камаа бааъадта байнал машрики вал магриби. Аллахумма наккинии мин хотаяа камаа юнкии ас-савбал абйаз минад-данаси. Аллахум-магсилнии мин хотояая билмааи, вас-салжи вал-барди". «О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыла көр! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды суу, кар жана мөндүр менен жууп сал!»
Же мындай деп айтат:
"Субхаанака аллахумма ва бихамдика, ва табааракасмука, ва таъаала жаддука, ва лаа илааха гойрука" «Аллахым, Сен баардык кемчиликтерден тазасың, Сага мактоолор болсун, Сенин ысымың берекелүү, Сенин улуулугуң жогору жана Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок».
- Анан шайтандан коргоосун сурап, мындай дейт:
"Ауузу биллаахи минаш-шайтоонир-рожиим". "Таш бараң (каргыш) кылынган шайтандан коргоону Аллахтан суранам".
- Анан бисмилланы айтып, Фатиханы окуйт. Анын мааниси:
"Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
"Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!"
"Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү".
"Кыямат Күндүн падышасы".
"Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!"
"(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!"
"Өзүң жакшылык берген адамдардын жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын жолуна эмес".
(Фатиха сүрөсү, 2-аят).
Андан кийин "Амин" дейт, мааниси: "Аллахым, кабыл кыл" дегенди билдирет.
- Анан Курандан дагы бир каалаган сүрөнү окуйт. Багымдат намазында болсо кыраатты узартат (узунураак сүрө окуйт).
- Андан соң рүкү кылат, б.а., Аллахты улуктап белин иет. Рүкүгө эңкейерде «Аллаху Акбар» деп, колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт. Ал эми сүннөт – белин түз, башын бели менен бирдей кармап, эки колунун манжаларын ачып, тизелерин чеңгелдеп туруу.
- Рүкүдө «Субхаана Робиял а'зиим» деп үч жолу айтат. Ага кошумча: «Субхаанакаллохумма ва бихамдика, Аллохуммаг-фир лии» деп айтса, жакшы болот.
- Андан кийин "Самиъа Аллаху лиман хамида" деп рүкүдөн башын көтөрөт жана ошол учурда колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт. Имамга уюган киши "Самиъа Аллаху лиман хамида" деп айтпайт, анын ордуна "Роббанаа ва лакал хамд" деп айтат.
- Андан кийин туруп, мындай дейт: "Роббанаа ва лакал хамду, милас-самаваати вал арзи, ва мила маа шиьта мин шайин баъду". Мааниси: "Раббибиз, Сага асмандар менен жерге жана Өзүң каалаган нерселерге толо алкыш-мактоолор болсун".
- Андан соң "Аллаху Акбар" деп биринчи сажданы кылат. Ал саждада жети мүчөсүн жерге тийгизет: бешене жана мурун, эки алакан, эки тизе жана эки буттун учтары. Чыканактарын капталдарынан алыс кармайт, билектерин жерге төшөбөйт жана кол манжаларынын учтарын кыбылага каратат.
- Саждасында үч жолу «Субхаана Роббиял а'лаа» деп айтат. Ага кошумча: «Субхаанака-Ллоохумма Роббанаа ва бихамдика, Аллоохумма-гфир лии» деп айтса, жакшы болот.
- Андан кийин саждадан "Аллаху Акбар" деп башын көтөрөт.
- Анан эки сажданын ортосунда сол бутун жайып отуруп, оң бутунун манжаларын кыбылга каратып тик кылып, колдорун сандарынын үстүнө, тизелерине жакын коёт.
- Эки сажданын ортосунда минтип айтат:
«Роббиг-фир-лии, вар-хамнии, вах-динии, вар-зук-нии, важ-бурнии, ва'аафинии». "О Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыла көр! Мени туура жолго баштай көр! Мага ырыскы бер! Мени Өзүң оңдоп, мага амандык бер!"
- Андан кийин экинчи саждага такбир айтат жана анда биринчи саждада айтылган жана кылынган нерселерди аткарат.
- Андан кийин экинчи саждадан «Аллаху Акбар» деп туруп, экинчи рекетти сөздөрүндө жана амалдарында биринчи рекет сыяктуу окуйт, бирок анда киришүү дубасы айтылбайт.
- Анан экинчи рекет бүткөндөн кийин «Аллаху Акбар» деп, эки сажданын ортосунда отурган сыяктуу эле отурат.
- Бул отурушта "ташаххуд"ду окуйт. Ал мындай:
"Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух. Аллахумма солли аълаа Мухаммад, ва аълаа аали Мухаммад, камаа соллайта аълаа Ибрахима, ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Ва баарик аълаа Мухаммад ва аълаа аали Мухаммад, камаа бааракта аълаа Ибрахим ва аълаа аали Ибрахим, иннака Хамидум Мажиид. Аъуузу биллаахи мин а'зааби жаханнам, ва мин а'заабил-кобр, ва мин фитнатил-махйаа вал-мамаат, ва мин фитнатил-масиихид-дажжаал". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеси болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем. О, Аллах, Ибрахимге жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу, Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө ырайым кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! Жана Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн берекелүү кылган сыяктуу, Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекелүү кыл. Албетте, Сен мактоого татыктуу, Улуу Затсың! Аллахтан тозок азабынан, кабыр азабынан, жашоо менен өлүмдүн фитнасынан жана Масих Дажжалдын фитнасынан коргоо тилейм".
Анан Раббисине дүйнө жана акыреттин жакшылыгын сурап, каалаган дубасын кылат.
- Андан соң оң тарабына: «Ассаламу алайкум ва рахматуллах» деп салам берет, жана сол тарабына да ошондой эле салам берет.
- Эгер намаз үч рекеттүү же төрт рекеттүү болсо, биринчи ташаххудду: «Ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху, ва ашхаду анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулух» – деп бүтүрөт.
- Анан «Аллаху Акбар» деп ордунан туруп, ошол эле учурда колдорун эки ийининин тушуна чейин көтөрөт.
- Анан намазынын калган бөлүгүн экинчи рекеттегидей окуйт, бирок анда Фатиха сүрөөсүн гана окуйт.
- Анан таваррүк кылып отуруп, оң бутун тик кылып, сол бутун оң бутунун астынан чыгарып, жамбашын жерге коюп, колдорун биринчи ташаххудда койгон сыяктуу сандарынын үстүнө коёт.
- Бул отурушта ташаххудду толугу менен окуйт.