Skip to content

السؤال

س33: أذكر سنن يوم الجمعة.

33-суроо: Жума күндүн сүннөттөрү кайсылар?

الجواب

ج:١. الاغتسال.

لقوله عليه الصلاة والسلام:

«غسل يوم الجمعة واجب على كل محتلم»

رواه البخاري.

  1. التطيب.

لحديث:

«حق على المسلمين أن يغتسلوا يوم الجمعة، وليمس أحدهم من طيب أهله»

رواه أحمد والترمذي.

  1. لبس أحسن الثياب.

«ما على أحدكم إن وجد سعة أن يتخذ ثوبين لجمعته، سوى ثوبي مهنته»

رواه ابن ماجة ومالك في الموطأ.

  1. التبكير إلى المسجد.
  2. الذهاب إلى المسجد ماشيًا.

«من اغتسل يوم الجمعة، وغسل، وبكر، وابتكر، ودنا، واستمع، وأنصت كان له بكل خطوة يخطوها أجر سنة، صيامها وقيامها»

رواه الترمذي والنسائي.

  1. الإكثار من الصلاة على النبي صلى الله عليه وسلم.

قال عليه الصلاة والسلام:

«أكثروا الصلاة علي يوم الجمعة فإنه مشهود تشهده الملائكة، وإن أحدًا لن يصلي علي إلا عرضت علي صلاته حتى يفرغ منها»

رواه ابن ماجة.

۷. قراءة سورة الكهف.

«من قرأ سورة الكهف يوم الجمعة، أضاء له من النور ما بين الجمعتين»

رواه الحاكم وغيره.

۸. تحري ساعة إجابة الدعاء.

للحديث عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم ذكر يوم الجمعة، فقال:

«فيه ساعة لا يوافقها عبد مسلم، وهو قائم يصلي يسأل الله تعالى شيئًا، إلا أعطاه إياه»

متفق عليه.

Жооп: 1. Жуунуу.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

"Жума күнү гусул алуу ар бир балакатка жеткен мусулманга важиб".

Бухари риваят кылган.

  1. Жыттуу нерселерди себинүү.

Хадисте минтип келген:

"Мусулмандарга жума күнү гусул алуу милдет, жана алар үйүндөгү жыттуу атырынан себинсин".

Ахмад жана Тирмизи риваят кылган.

  1. Кийимдердин эң жакшысын кийүү.

"Силердин бириңер, мүмкүнчүлүгү болсо, жумуш кийиминен сырткары, жума намазы үчүн эки кийим даярдап койсо жакшы болбойт беле?"

Ибн Маажа жана Малик "Муваттада" риваят кылган.

  1. Мечитке эртерээк баруу.
  2. Мечитке жөө басып баруу.

"Кимде-ким жума күнү жуунуп, гусул алып, (мечитке) эртелеп, эң алгачкылардан болуп барып, (имамга) жакын отуруп, (кутпаны) унчукпай кунт коюп укса, анын ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо кармагандын жана бир жыл түнү намаз окугандын сообу берилет".

Ат-Тирмизи жана ан-Насаи риваят кылган.

  1. Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп салават айтуу.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Жума күнү мага көп салават айткыла. Анткени, ал күнгө периштелер күбө болушат. Чынында, ким мага салават айтса, ал аны айтып бүткөнчө, анын салаваты мага жетип турат».

Ибн Маажа риваят кылган.

  1. Кахф сүрөсүн окуу.

"Ким жума күнү "Кахф" сүрөсүн окуса, эки жуманын ортосунда ага нур чачырап турат".

Хаким ж.б. риваят кылган.

  1. Дуба кабыл болуучу убакытты издөө.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жума күнүн эскерип, мындай деген:

"Анда бир убакыт бар, ага кайсы бир мусулман намазда турган учуруна дал келип, Аллах Тааладан бир нерсе сураса, Аллах ага аны сөзсүз берет".

Бухарий менен Муслим риваят кылган.