Skip to content

السؤال

س3: كيف يكون الأدب مع الوالدين؟

3-суроо: Ата-энеге болгон адеп кандай болот?

الجواب

ج:1. طاعة الوالدين في غير معصية.

  1. خدمة الوالدين.
  2. مساعدة الوالدين.
  3. قضاء حوائج الوالدين.
  4. الدعاء للوالدين.
  5. التأدب معهم في القول؛ فلا يجوز قول: "أف"، وهي أقل الأقوال.
  6. الابتسام في وجه الوالدين ولا أعبس.
  7. لا أرفع صوتي فوق صوت الوالدين، وأصغي إليهما، ولا أقاطعهما بالكلام، ولا أناديهما باسمهما، بل أقول: " أبي"، "أمي".
  8. أستأذن قبل الدخول على أبي وأمي وهما في الغرفة.
  9. تقبيل يد ورأس الوالدين.
  • قال تعالى:

﴿۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنًاۚ إِمَّا يَبۡلُغَنَّ عِندَكَ ٱلۡكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوۡ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفّٖ وَلَا تَنۡهَرۡهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوۡلٗا كَرِيمٗا٢٣

وَٱخۡفِضۡ لَهُمَا جَنَاحَ ٱلذُّلِّ مِنَ ٱلرَّحۡمَةِ وَقُل رَّبِّ ٱرۡحَمۡهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرٗا﴾

[الإسراء: ٢٣-٢٤].

  • وفي الحديث جاء رجل إلى النبي صلى الله عليه وسلم يستأذنه في الجهاد، فقال:

«ألك والدان؟» قال نعم. قال: «ففيهما فجاهد»

رواه الترمذي.

Жооп: 1. Күнөө болбогон иштерде ата-энеге баш ийүү.

  1. Ата-энеге кызмат кылуу.
  2. Ата-энеге жардам берүү.
  3. Ата-эненин муктаждыктарын аткаруу.
  4. Ата-энеге дуба кылуу.
  5. Алар менен сүйлөшүүдө адепти кармоо; аларга «уфф» деп айтуу дурус эмес, ал эми бул сөздөрдүн эң жеңили.
  6. Ата-энеге жылмаюу, аларга кабакты бүркөөгө болбойт.
  7. Ата-эненин үнүнөн үндү бийик көтөрбөө, алардын сөзүн кунт коюп угуу, сөзүн бөлбөө. Аларды ысымдарынан атабай, тескерисинче: "ата", "апа" деп айтуу.
  8. Бөлмөсүндө отурган ата-энесине кирүүдөн мурун уруксат суроо.
  9. Ата-эненин колун жана башын өбүү.

Аллах Таала минтип айткан:

«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбоого, ата-энеңе жакшылык кылууга, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин кол алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебөөгө, аларды(н сөздөрүн) кайрыбоого, жана сылык-сыпаа сөздөрдү гана сүйлөөгө».

"Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!"

(Исра сүрөсү, 57-аят).

Хадисте Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир адам келип, жихадга уруксат сураганда, ал минтип сурады:

«Сенин ата-энеңдин көзү тирүүбү?», ал: «Ооба» - деди. «Анда ошол экөөнүн жолунда жихад кыл» - деди.

Тирмизи риваят кылган.