суроо: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) менен болгон адеп кандай болот?
- الباب / الفصل
- قسم الآداب الإسلامية
السؤال
س2: كيف يكون الأدب مع الرسول صلى الله عليه وسلم؟
2-суроо: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) менен болгон адеп кандай болот?
الجواب
ج:1. اتباعه والاقتداء به.
قال تعالى:
﴿لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا﴾
[الأحزاب: ٢١].
- طاعته.
- ترك معصيته.
﴿مَّن يُطِعِ ٱلرَّسُولَ فَقَدۡ أَطَاعَ ٱللَّهَۖ وَمَن تَوَلَّىٰ فَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ عَلَيۡهِمۡ حَفِيظٗا﴾
[النساء: ٨٠].
- تصديقه فيما أخبر.
﴿وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ٣
إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ﴾
[النجم: ٣-٤].
- عدم الابتداع في الزيادة على سنته.
قال عليه الصلاة والسلام:
«من أحدث في أمرنا هذا ما ليس فيه فهو رد»
متفق عليه.
- محبته أكثر من النفس ومن كل الناس.
«لا يؤمن أحدكم حتى أكون أحب إليه من والده وولده، والناس أجمعين»
- تعظيمه ونصرته ونصرة سنته.
قال سبحانه:
﴿لِّتُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُۚ ﴾
[الفتح: ٩].
Жооп: 1. Аны ээрчүү жана андан үлгү алуу.
Аллах Таала минтип айткан:
"(О ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн".
(Ахзаб сүрөсү, 21-аят).
- Ага баш ийүү.
- Ага күнөө кылуудан сактануу.
"Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз".
(Ниса сүрөсү, 80-аят).
- Ал кабар берген нерселерди тастыктоо.
"... жана ал (Мухаммед) абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт".
"Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес".
(Нажм сүрөсү, 3-4-аяттар).
- Анын сүннөтүнө кошуп, бидаът иш-амалдарды кылбоо.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, анда ал кабыл кылынбайт".
Бухарий менен Муслим риваят кылган.
- Аны өз жанынан жана баардык адамдардан да артык сүйүү.
"Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт".
- Аны улуктоо, ага жана анын сүннөтүнө жардам берүү.
"... жана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн".
(Фатх сүрөсү, 29-аят).