Skip to content

"Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет".

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет".

«إِنَّ اللَّهَ تَجَاوَزَ عَنْ أُمَّتِي مَا حَدَّثَتْ بِهِ أَنْفُسَهَا، مَا لَمْ تَعْمَلْ أَوْ تَتَكَلَّمْ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мусулман адам напсисине келген жаман ойду ишке ашырбаса жана эч кимге айтпаса, ал үчүн жазаланбайт. Аллах Таала аны кечирет. Мухаммад пайгамбардын үммөтүнөн эч ким кыялына келген жаман ишти аткарууда эки анжы болуп, аны аткарууга толук бел байламайынча ага жооп бербейт. Эгер жүрөгү менен текеберликке, менменсинүүгө, эки жүздүүлүккө же кайсы бир дене мүчөсү менен күнөө кылууга толук чечим кылса же тили менен айтса, анда анысына жооп берет.

Хадистин пайдалары

Аллах Таала мусулмандын кыялына келген жаман пикир, туура эмес ойлорду кечирет.

Эгер адам талакты пикир кылса, кыялына келтирсе, бирок аны айтпаса жана жазып бербесе, бул талак болуп эсептелбейт.

Кыялына келген иш канчалык чоң күнөө иш болсо да эгер аны ишке ашырууга бел байлабаса, аткарбаса жана айтпаса, ал үчүн күнөөкөр болбойт.

Мурдагы үммөттөрдөн айырмаланып, Мухаммад пайгамбардын үммөтүнүн кыялындагы иш үчүн айыпталбаганы, бул үммөттүн артыкчылыгын билдирет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 46) (5269).

Сахих Муслим (1/ 116) (127).

Дагы (10)

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (7/ 560).

فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 46).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (5/ 502).

حاشية السندي على سنن ابن ماجه.

للسندي (6/ 157).

البدرُ التمام شرح بلوغ المرام.

للمغربي (8/ 49).