Skip to content

Мен Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен намаз окуганмын, ал оң тарабына: «Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа баракатух» жана сол тарабына «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп салам берчү.

التصنيف الشرعي
الفقهالصلاةصفة الصلاة

Ваил бин Хужр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:

Мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен намаз окуганмын, ал оң тарабына: «Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа баракаатух» жана сол тарабына «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп салам берчү.

صَلَّيْتُ مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَكَانَ يُسَلِّمُ عَنْ يَمِينِهِ: «السَّلَامُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ»، وَعَنْ شِمَالِهِ: «السَّلَامُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ اللَّهِ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын аяктай турган болсо, жүзүн оң жагына буруп: «Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи уа баракатух» - деп оң тарабына, жана жүзүн сол жагына буруп: «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» - деп сол тарабына салам берчү.

Хадистин пайдалары

Намазда эки салам берүү шариятта каралган иш жана ал намаздын түркүктөрүнөн.

Кээ бир учурларда "(уа баракатух)" деп кошуп айтуу мустахаб. Анткени, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны дайыма айткан эмес.

Намазда эки саламды айтуу - важиб түркүк, ал эми ал экөөнү айтып жатканда башты буруу - мустахаб.

«Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп айтуу баш буруу учурунда болуусу керек, андан мурун да эмес, андан кийин да эмес.

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 239) (997).

Сунан Абу Дауд (2/ 239) (997).

Дагы (10)

المجموع شرح المهذب (مع تكملة السبكي والمطيعي) النووي (3/ 479).

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

النووي (4/ 153).

توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 291).

المجموع شرح المهذب (مع تكملة السبكي والمطيعي) النووي (3/ 479).

المنهاج شرح صحيح مسلم بن الحجاج.

النووي (4/ 153).

توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 291).