Skip to content

Эгер ага киришсе, андан кыямат күнүнө чейин чыгышмак эмес; баш ийүү жакшылык иштерде болот.

Али (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабаларды жиберип, аларга ансарлардан бир кишини башчы кылып дайындады жана ага баш ийүүнү буйрук кылды. Ал ачууланып: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) силерге мага баш ийүүнү буйрук кылбады беле?» - деди. Алар: «Ооба», - дешти. Ал: «Анда мага отун чогултуп келгиле», - деди. Алар отун чогултуп келишти. Анан ал: «От жаккыла», - деди эле, алар от жагышты. Андан соң: «Отко секиргиле!» - деп буйрук берди. Алар отко кирүүгө камынышты, бирок бири-бирин кармап: «Биз оттон (тозоктон) качып Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келбедик беле!» - дешти. Алар от өчкөнгө чейин ушул абалда турушту, анын да ачуусу тарады. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал: «Эгерде алар отко киришкенде, андан Кыямат күнүнө чейин чыгышмак эмес. Чынында, баш ийүү жакшы иштерде гана болот», - деп айтты.

بَعَثَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَرِيَّةً فَاسْتَعْمَلَ رَجُلًا مِنَ الأَنْصَارِ، وَأَمَرَهُمْ أَنْ يُطِيعُوهُ، فَغَضِبَ، فَقَالَ: أَلَيْسَ أَمَرَكُمُ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ تُطِيعُونِي؟ قَالُوا: بَلَى، قَالَ: فَاجْمَعُوا لِي حَطَبًا، فَجَمَعُوا، فَقَالَ: أَوْقِدُوا نَارًا، فَأَوْقَدُوهَا، فَقَالَ: ادْخُلُوهَا، فَهَمُّوا، وَجَعَلَ بَعْضُهُمْ يُمْسِكُ بَعْضًا، وَيَقُولُونَ: فَرَرْنَا إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنَ النَّارِ، فَمَا زَالُوا حَتَّى خَمَدَتِ النَّارُ، فَسَكَنَ غَضَبُهُ، فَبَلَغَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: «لَوْ دَخَلُوهَا مَا خَرَجُوا مِنْهَا إِلَى يَوْمِ القِيَامَةِ؛ الطَّاعَةُ فِي المَعْرُوفِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жакка аскер жөнөтүп, аларга ансарлардан бир адамды башчы кылды жана аскерлерди ага баш ийүүгө буйруду. Ошондо (кайсы бир нерседен улам) башчысы аларга ачууланып: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) силерди мага баш ийүүгө буйруган эмес беле?" - деди. Сахабалар: «Ооба» - дешти. Ал айтты: «Мен силерди отун чогултууга, анан от жагууга, андан кийин ага секирүүгө буйруймун». Алар отун чогултуп, от жагышты. Качан алар отко секирмекчи болушканда, бири-бирине карап калышты. Сахабалар: «Биз Пайгамбарды тозок отунан кутулуу үчүн ээрчигенбиз, эми тирүүлөй отко түшөбүзбү?» - дешти. Ошентип турганда оттун жалыны өчтү жана башчынын ачуусу таркады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу кабарлап, мындай деди: Эгерде алар ага баш ийип, өздөрү жаккан отко киришкенде, анда азапталышмак жана андан дүйнө мөөнөтүнчө чыгышмак эмес. Жаратканга күнөө болгон иште жаратылганга баш ийүү жок; чынында, баш ийүү жакшы иштерде гана милдеттүү, күнөө иште эмес.

Хадистин пайдалары

Буйрук кылган адам ага баш ийүү милдет болгондордон болсо да, баш ийүү жакшы иштерде гана болорун жана күнөө иштерде болбостугун түшүндүрүү.

Бир Аллахка сыйынуу ишеними бар бирок күнөөкөр адамдар да тозок оту менен эскертилген. Анткен менен аларды Аллах кечириши мүмкүн.

Казатта, ошондой эле сапарда башчы дайындоо шариятта бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (5/ 161) (4340).

Сахих Муслим (3/ 1469) (1840).

Сахих ал-Бухари (5/ 161) (4340).

Сахих Муслим (3/ 1469) (1840).

Дагы (2)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (10/ 220).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (10/ 220).