Skip to content

Силерден кимде-ким дене-бою сак-саламат, үй-бүлөсүндө амандыкта жана бир күндүк азыгы бар болуп таң атырса, анда ага бүткүл дүйнө топтолуп берилгендей болот.

Убайдуллах ибн Михсан ал-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

«Силерден кимде-ким дене-бою сак-саламат, үй-бүлөсүндө амандыкта жана бир күндүк азыгы бар болуп таң атырса, анда ага бүткүл дүйнө топтолуп берилгендей болот».

«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ مُعَافى فِي جَسَدِهِ، آمِنًا فِي سِرْبِهِ، عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا». «مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ مُعَافَى فِي جَسَدِهِ، آمِنًا فِي سِرْبِهِ، عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا».

Ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Оо, мусулмандар, силерден кимде-ким таң атырганда денеси оору-сыркоолордон соо-саламат, өзү, үй-бүлөсү, бала-чакасы жана жолу коопсуз, эч нерседен коркпогон абалда болуп, жанында ошол күнгө жете турган адал ырыскысы бар болсо, анда ага бүтүндөй дүйнө толугу менен чогултулуп берилген сыяктуу.

Хадистин пайдалары

Адамдын ден-соолукка, тынчтыкка жана ырыскыга болгон муктаждыгынын зарылдыгын баяндоо.

Пенде ушул жакшылыктар үчүн Аллах Таалага мактоо айтып, шүгүр кылуусу керек.

Каниет кылууга жана дүйнөгө берилбөөгө кызыктыруу.

Булактар

Сунан ат-Тирмизи (4/ 167) (2346).

Сунан Ибн Маажа (5/ 253) (4141).

Сунан ат-Тирмизи (4/ 167) (2346).

Сунан Ибн Маажа (5/ 253) (4141).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 570).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (10/ 110).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 570).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (10/ 110).