Кимде-ким бул кыздардан жоопкерчилигине алса (аларды бакса) жана аларга жакшы мамиле кылса, алар ал үчүн тозоктон калкан болот.
Момундардын энеси, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айтып берген:
"Мага жанында эки кызы бар бир аял (жардам) сурап келди. Анан ал менден бир даана курмадан башка эч нерсе таппады. Мен аны ага бергенимде, ал аны эки кызына бөлүп берди. Андан соң ал ордунан туруп, чыгып кетти. Анан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирип келгенде, мен ага (болгон окуяны) айтып бердим. Ошондо ал: «Кимде-ким бул кыздардан жоопкерчилигине алса (аларды бакса) жана аларга жакшы мамиле кылса, алар ал үчүн тозоктон калкан болот» – деди."
جَاءَتْنِي امْرَأَةٌ مَعَهَا ابْنَتَانِ تَسْأَلُنِي، فَلَمْ تَجِدْ عِنْدِي غَيْرَ تَمْرَةٍ وَاحِدَةٍ، فَأَعْطَيْتُهَا فَقَسَمَتْهَا بَيْنَ ابْنَتَيْهَا، ثُمَّ قَامَتْ فَخَرَجَتْ، فَدَخَلَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَحَدَّثْتُهُ، فَقَالَ: «مَنْ يَلِي مِنْ هَذِهِ البَنَاتِ شَيْئًا، فَأَحْسَنَ إِلَيْهِنَّ، كُنَّ لَهُ سِتْرًا مِنَ النَّارِ».
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлагандай, ага эки кызы менен бир аял келип, жегенге бир нерсе берүүсүн суранат. Айша өзүнөн бир даана курмадан башка эч нерсе таппай, аны ага берет. Аял ал курманы эки кызына бөлүп берип, өзү андан эч нерсе жебейт. Андан соң ордунан туруп, чыгып кетет. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирип келгенде, Айша бул тууралуу ага айтып берет, ошондо Пайгамбар минтип айткан: Кимде-ким ушул кыздардын жоопкерчилигин мойнуна алып, аларга жакшы мамиле кылып, адеп-ахлактуу кылып тарбиялап, аларды жедирип-ичирип, кийиндирип жана буга сабыр кылса, алар ал үчүн тозоктон калкан жана тосмо болот.
Кыздарга кам көрүү (аларды багуу, тарбиялоо) жана алардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн аракеттенүү — адамды тозоктон сактай турган эң абзел, эң сооптуу жакшы амалдардан болуп саналат.
Адамдын аз болсо да колунан келген нерсесин садака берүүсү мустахаб.
Ата-эненин баласына карата болгон мээриминин күчтүүлүгү.
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрүнүн абалы жана анын ырыскысынын (күнүмдүк тамак-ашы) жетерлик гана деңгээлде болгондугун баяндоо.
Башкага ыраа көрүүнүн артыкчылыгы жана ал момундардын сыпаттарынан экендиги баяндалат. Анткени Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө караганда ошол аялга жана анын эки кызына ыраа көрдү. Бул анын катуу муктаждыгына карабастан, берешендигине жана жоомарттыгына далил болот.
Кыздардын берилүүсүнүн сыноо деп аталуусуна, аларды багуудагы машакат жана кыйынчылык, же айрым адамдардын аларды жаман көргөнү, же көбүнчө аларда киреше жана тиричилик булагынын жок болуусу себеп.
Ислам дини жахилият доорундагы жаман адаттарды тамырынан жок кылды, алардын бири – кыздарга жакшы мамиле кылууну осуят кылгандыгы.
Кээ бир риваяттарда келгендей, бир гана кыз болсо да мындай соопко ээ болот.
Сахих ал-Бухари (8/ 7) (5995).
Сахих Муслим (4/ 2027) (2629).
Сахих ал-Бухари (8/ 7) (5995).
Сахих Муслим (4/ 2027) (2629).
Дагы (20)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 353).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص199).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (5/ 151).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 106).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 277).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 353).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص199).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (5/ 151).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 106).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 277).