Skip to content

Мушриктерге каршы малыңар, жаныңар жана тилиңер менен күрөшкүлө.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Мушриктерге каршы малыңар, жаныңар жана тилиңер менен күрөшкүлө».

«جَاهِدُوا المشركين بأموالكم وأنفسكم وألسنتكم». «جَاهِدُوْا الْمُشْرِكِيْنَ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ وَأَلْسِنَتِكُمْ».

Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн каапырларга каршы күрөшүүгө жана мүмкүнчүлүктүн жетишинче бардык каражаттар менен аларга каршы турууда болгон күч-аракетти жумшоого буйруган, алардын катарына төмөнкүлөр кирет: Биринчиден: Аларга каршы күрөшүүдө мал-мүлктү сарптоо; буга курал-жарак сатып алуу, согушка чыккандарды камсыздоо жана ушул сыяктуу иштер кирет. Экинчиден: Алар менен беттешүү жана аларга каршы туруу үчүн жан жана дене менен чыгуу. Үчүнчүдөн: Аларды бул динге тил менен чакыруу, аларга далил келтирүү, аларды тыюу жана аларга (каршы пикирлерине) жооп кайтаруу.

Хадистин пайдалары

Мушриктер менен ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша мал-жаны жана тили менен күрөшүүгө кызыктыруу. Ошондой эле жихад жан менен гана согушуу менен эле чектелбей тургандыгы.

Мушриктерге каршы күрөшүүгө буйрук кылуу анын милдет экендигин билдирет, ал кээде парз айн, ал эми кээде парз кифая болот.

Аллах жихадды төмөнкү иштер үчүн шариятка киргизди: Биринчиден: Ширкке жана мушриктерге каршы күрөшүү; анткени Аллах ширкти эч качан кабыл кылбайт. Экинчиден: Аллахка чакыруу жолундагы тоскоолдуктарды жок кылуу. Үчүнчүдөн: Акыйданы ага каршы келген бардык нерселерден коргоо. Төртүнчүдөн: Мусулмандарды, алардын мекендерин, ар-намыстарын жана мал-мүлктөрүн коргоо.

Булактар

Сунан Абу Дауд (4/ 158) (2504).

Сунан ан-Насааи (6/ 7) (3096).

Муснад Ахмад (19/ 272) (12246).

Сахих Муслим (4/ 1935) (2490).

Сунан Абу Дауд (4/ 158) (2504).

Сунан ан-Насааи (6/ 7) (3096).

Муснад Ахмад (19/ 272) (12246).

Сахих Муслим (4/ 1935) (2490).

Дагы (20)

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 442).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (6/ 336).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

عبد الله الفوزان (9/ 10).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (2/ 460).

مشكاة المصابيح.

لمحمد التبريزي (2/ 1124).

فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 442).

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (6/ 336).

منحة العلام شرح بلوغ المرام.

عبد الله الفوزان (9/ 10).

سبل السلام.

لمحمد الصنعاني (2/ 460).

مشكاة المصابيح.

لمحمد التبريزي (2/ 1124).