Чындыгында, силердин Раббиңер — Уяттуу, Берешен. Өзүнө кол көтөрүп дуба кылган пендесинин колун куру кайтаруудан уялат.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقآداب الدعاء
Салман (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Чындыгында, силердин Раббиңер — Уяттуу, Берешен. Өзүнө кол көтөрүп дуба кылган пендесинин колун куру кайтаруудан уялат.»
«إِنَّ رَبَّكُمْ حَيِيٌّ كَرِيمٌ، يَسْتَحْيِي مِنْ عَبْدِهِ إِذَا رَفَعَ يَدَيْهِ إِلَيْهِ أَنْ يَرُدَّهُمَا صِفْرًا».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылганда кол көтөрүүгө үндөп, төмөндөгүдөй кабарлайт: Чындыгында, Кемчиликсиз Жаратуучу Аллах — Уяттуу жана Берешен. Ал берешендигин эч качан токтотпойт; пендесине кубаныч тартуулап, зыян алып келе турган нерселерден сактайт. Ал сурабаса да берүүчү зат болсо, анда сурагандан кийин кантип бербей койсун! Ошондуктан, Ал момун пендеси дуба кылып колун көтөргөндөн кийин, тилегин кабыл кылбай, колун куру кайтаруудан уялат.
Адам Аллах Таалага муктаждыгын жана толук баш ийүүсүн канчалык көбүрөөк көрсөтсө, анын үмүтү ошончолук артып, дубасынын кабыл болуусуна ошончолук жакын болот.
Мында дуба кылууга кызыктыруу бар. Ошондой эле дуба кылганда кол көтөрүү — сооптуу иш жана ал тилектин кабыл болуусуна негизги себептерден болуп саналат.
Мында Аллах Тааланын пенделерине болгон берешендигинин жана ырайымынын чексиздиги баяндалат.
Сунан Абу Дауд (2/ 609) (1488).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 521) (3556).
Сунан Абу Дауд (2/ 609) (1488).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 521) (3556).
Дагы (12)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 552).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 423).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 483).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 552).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 423).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 483).