Skip to content

Кыямат күнү Аллах үч адамга сүйлөбөйт, аларды тазартпайт жана аларга оорутуучу азап бар.

Салман ал-Фариси (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кыямат күнү Аллах үч адамга сүйлөбөйт, аларды (күнөөлөрүнөн) тазартпайт жана аларга оорутуучу азап бар: зынакор чал, текебер кедей жана Аллахты (Аллахтын атын) өзүнүн товары кылып алган киши, ал ант ичип гана сатат жана ант ичип гана сатып алат».

«ثَلَاثَةٌ لَا يُكَلِّمُهُمُ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ: أُشَيْمِطٌ زَانٍ، وَعَائِلٌ مُسْتَكْبِرٌ، وَرَجُلٌ جَعَلَ اللَّهَ لَهُ بِضَاعَةً، فَلَا يَبِيعُ إِلَّا بِيَمِينِهِ وَلَا يَشْتَرِي إِلَّا بِيَمِينِهِ».

Табарааний риваят кылган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер тообо кылышпаса же жазалары кечирилбесе, кыямат күнү Аллахтын үч түрдүү жазасына татыктуу болгон адамдардын үч түрү тууралуу кабарлады: Биринчи: Кыямат күнү Аллах катуу каарданганы себептүү аларга сүйлөбөйт, тескерисинче, алардан жүз бурат, же аларды кубантпай турган жана Анын аларга ачууланганын билдирген сөздөрдү сүйлөйт. Экинчи: Аларды аруулабайт, аларды мактабайт жана күнөөлөрдөн тазалабайт. Үчүнчү: Алар үчүн акыретте оорутуучу катуу азап бар. Алар адамдардын төмөнкү топтору: Биринчи: Зына кылган карыган киши. Экинчи: Мал-мүлкү жок кедей, ошого карабастан адамдарга текеберлик кылган адам. Үчүнчү: Соода-сатыкта Аллахтын аты менен көп ант ичип, Аллахтын ысымын кордогон жана аны мал-мүлк табуунун каражатына айланткан адам.

Хадистин пайдалары

Кады Ийяд бул катуу жазанын себеби тууралуу мындай деген: Алардын ар бири аталган күнөө ишти өздөрүнөн канчалык алыс болгонуна, ага муктаждыгы жоктугуна жана ага түрткү берүүчү себептердин алсыздыгына карабастан жасашты. Күнөө кылган эч бир адам үзүрлүү деп эсептелбесе да, бул күнөө иштерди жасоого мажбурлаган муктаждык жана көнүмүш түрткүлөр жок болгондуктан, алардын бул ишке баруусу кандайдыр бир башка муктаждыктан улам эмес, тескерисинче, каршы чыгууга, Улук Аллахтын акысын барктабоого жана Ага баш ийбөөнү атайылап көздөгөн сыяктуу болуп калды.

Зына, жалган сүйлөө жана текебердик чоң күнөөлөрдөн.

Текеберлик – акыйкатты четке кагуу жана адамдарды кемсинтүү.

Соода-сатыкта антты көп колдонуудан эскертүү, антты кадырлоого жана Аллахтын ысымдарын урматтоого үндөө. Аллах Таала айтты: (Анттарыңар себептүү Аллахты (жакшылыктан) тосуучу кылбагыла) [Бакара: 224].

Булактар
Дагы (14)

المعجم الصغير للطبراني (2/ 82) (821).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

للقرعاوي (ص453).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص406).

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 460).

المعجم الصغير للطبراني (2/ 82) (821).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

للقرعاوي (ص453).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص406).

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 460).