Силерге орозо, намаз жана садаганын даражасынан да жакшыраак ишти айтайынбы?
Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерге орозонун, намаздын жана садаганын даражасынан да артыгыраак иш жөнүндө айтып берейинби?" Сахабалар: "Ооба" - дешти эле ал: "Адамдардын арасындагы мамилени оңдоо. Анткени, адамдардын арасынын бузулушу - жок кылуучу (жаман иш)" - деди.
«أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِأَفْضَلَ مِنْ دَرَجَةِ الصِّيَامِ وَالصَّلاَةِ وَالصَّدَقَةِ؟» قَالُوا: بَلَى، قَالَ: «صَلاَحُ ذَاتِ البَيْنِ، فَإِنَّ فَسَادَ ذَاتِ البَيْنِ هِيَ الحَالِقَةُ».
Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан: "Силерге напил орозоу, напил намазды жана садаганы көп кылгандын сообунан да артыгыраак ишти айтып берейинби?" - деп сурады. Алар: "Ооба" - дешти. Айтты: Араздашкандардын ортосун жараштыруу зарыл. Анткени, араздашуу адамдардын арасында бөлүнүүгө, жатыркоого, жек көрүүчүлүккө жана душмандашууга себеп болот. Чынында, адамдардын ортосундагы мамиленин бузулушунан келип чыккан жек көрүүчүлүк – устара чачты кырып салгандай эле, динди жана дүйнөнү кыйратып, тамырынан жулуп жок кыла турган сапат.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына суроо берүү менен аларды жоопту билүүгө кызыктыруу жолу.
Тийбий айтты: Адамдардын ортосун жараштырууга үндөө. Аны бузуудан алыс болуу зарыл. Хадис ушуга үндөп, кызыктырган. Анткени жараштыруу – Аллахтын жибине бекем карманууга жана мусулмандардын ортосунда бөлүнбөөгө себеп болот. Ал эми адамдардын ортосунун бузулушу – диндеги кемтик. Кимде-ким адамдардын ортосун жараштырып, бузулганды жойсо, жеке ибадаты менен алек болуп, орозо кармаган жана түнкүсүн намаз окуган адамдын даражасынан да жогору даражага жетет.
Сунан Абу Дауд (7/ 280) (4919).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 244) (2509).
Сунан Абу Дауд (7/ 280) (4919).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 244) (2509).
Дагы (4)
تحفة الأحوذي (7/ 179).
شرح سنن أبي داود للعباد (559/ 32).
تحفة الأحوذي (7/ 179).
شرح سنن أبي داود للعباد (559/ 32).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثانية«أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِأَفْضَلَ مِنْ دَرَجَةِ الصِّيَامِ وَالصَّلَاةِ وَالصَّدَقَةِ؟» قَالُوا: بَلَى، قَالَ: «صَلَاحُ ذَاتِ البَيْنِ؛ فَإِنَّ فَسَادَ ذَاتِ البَيْنِ هِيَ الحَالِقَةُ» [97].
- نبراس طالب (1)1«أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِأَفْضَلَ مِنْ دَرَجَةِ الصِّيَامِ وَالصَّلَاةِ وَالصَّدَقَةِ، قَالُوا: بَلَى، قَالَ: صَلَاحُ ذَاتِ البَيْنِ»