Силердин эч кимиңер үчтөн аз таш менен истинжа кылбасын.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةالاستنجاء وقضاء الحاجة
Салман (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Мушриктер бизге мындай деп айтышты: Чындыгында, мен силердин жолдошуңардын (Пайгамбарыңардын) силерге ал тургай даарат ушатууну да үйрөтүп жатканын көрүп турам. Ошондо ал айтты: Ооба! Чындыгында, ал бизди оң колубуз менен тазалануудан (истинжа кылуудан) же даарат ушатканда кыбылага жүздөнүүдөн тыйды. Ошондой эле тезек жана сөөктөр менен (тазалануудан) кайтарып: «Силердин эч кимиңер үчтөн аз таш менен истинжа кылбасын», - деп айтты.
قَالَ لَنَا الْمُشْرِكُونَ: إِنِّي أَرَى صَاحِبَكُمْ يُعَلِّمُكُمْ حَتَّى يُعَلِّمَكُمُ الْخِرَاءَةَ، فَقَالَ: أَجَلْ، إِنَّهُ نَهَانَا أَنْ يَسْتَنْجِيَ أَحَدُنَا بِيَمِينِهِ، أَوْ يَسْتَقْبِلَ الْقِبْلَةَ، وَنَهَى عَنِ الرَّوْثِ وَالْعِظَامِ وَقَالَ: «لَا يَسْتَنْجِي أَحَدُكُمْ بِدُونِ ثَلَاثَةِ أَحْجَارٍ».
Салман аль-Фариси (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мушриктер бизге шылдыңдап мындай дешти: Чындыгында, пайгамбарыңар силерге бардык нерсени үйрөтөт, ал тургай заара кылып же заңдап муктаждыгыңарды кантип ушатууну да үйрөтөт! Салман мындай деди: Ооба, ал бизге даарат ушатуунун адептерин үйрөттү. Анын ичинде: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараттан кийин оң колду нажастан сактоо жана аны урматтоо максатында оң кол менен тазалануудан кайтарды. Ошондой эле заара ушатканда же заңдаганда Каабага карап олтурууга тыюу салды. Малдын кыгы жана сөөк менен тазалануудан кайтарды, ошондой эле даарат ушатуудан кийин таш менен тазаланганда үчтөн аз ташка чектелбөөгө буйруду.
Адам баласы эмнеге муктаж болсо, анын баарында Ислам шариятынын ар тараптуулугу жана толуктугун баяндоо.
Ажаткана жана истинжанын кээ бир адептери баяндоо.
Заара кылган же заңдаган учурда кыбылага жүздөнүүгө тыюу салынат; анткени анын: «Бизди тыйды» деген сөзү бар, ал эми тыюу салуунун негизи арамдыкты билдирет.
Оң колду урматтоо иретинде нажас чыккан жайды оң кол менен жууга же аарчууга тыюу салынган.
Оң колдун сол колдон артыкчылыгы; анткени, сол кол нажасатты жана ыпластыкты тазалоо үчүн колдонулат, ал эми оң кол мындан башка иштер үчүн колдонулат.
Нажасат аз болсо да, көп болсо да, аны суу же таш менен тазалоо важиб.
Үчтөн аз сандагы нерсе менен аарчуудан тыюу; анткени үчтөн аз сандагы нерсе көбүнчө толук тазалабайт.
Тазалануу жана тазалоо максаты ишке ашкан нерсенин баары жарай берет. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ташты белгилеп айтканынын себеби – ал учурда көбүнчө колдонулган нерсе болгон. Ал эми ушундай болгон нерсенин (таштан башкасы жарабайт деген) түшүнүгү болбойт.
Истижмарды, б.а. тазаланууну так санда токтотуу мустахаб. Эгер төртөө менен тазалануу ишке ашса, анда бешинчисин кошуу жакшы жана ушул сыяктуу; анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким истижмар кылса, так санда кылсын», – деп айткан.
Малдын тезеги менен истижмар кылуудан (тазалануудан) тыюу - анткени ал: же нажас, же жиндердин айбандарынын тоюту.
Сөөк менен истижмар кылууга тыюу салынат. Анткени, ал же ыплас, же жиндердин өздөрүнүн тамагы.
Сахих Муслим (1/ 224) (262).
Сахих Муслим (1/ 224) (262).
Дагы (28)
مشارق الأنوار على صحاح الآثار.
عياض بن موسى اليحصبي السبتي.
معجم اللغة العربية المعاصرة.
أحمد مختار عبد الحميد عمر بمساعدة فريق عمل.
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
عبد الله بن عبد الرحمن البسام.
تسهيل الإلمام بفقه الأحاديث من بلوغ المرام.
صالح بن فوزان بن عبد الله الفوزان.
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
محمد بن صالح العثيمين.
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
عبد الله صالح الفوزان.
شرح سنن أبي داود.
عبد المحسن بن حمد بن عبد المحسن العباد.
مشارق الأنوار على صحاح الآثار.
عياض بن موسى اليحصبي السبتي.
معجم اللغة العربية المعاصرة.
أحمد مختار عبد الحميد عمر بمساعدة فريق عمل.
توضيح الأحكام شرح بلوغ المرام.
عبد الله بن عبد الرحمن البسام.
تسهيل الإلمام بفقه الأحاديث من بلوغ المرام.
صالح بن فوزان بن عبد الله الفوزان.
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
محمد بن صالح العثيمين.
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
عبد الله صالح الفوزان.
شرح سنن أبي داود.
عبد المحسن بن حمد بن عبد المحسن العباد.