суроо: Ыймандын түркүктөрү деген эмне?
- الموضوعات
- الإيمانالإيمان بالله تعالىالإيمانالإيمان بالملائكةالإيمانالإيمان بالكتب السماويةالإيمانالإيمان بالرسل عليهم السلام
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان بالله عز وجلالعقيدةالإيمان بالملائكةالعقيدةالإيمان بالكتبالعقيدةالإيمان بالرسل
- الباب / الفصل
- قسم العقيدة
السؤال
س15: ما معنى أركان الإيمان؟
15-суроо: Ыймандын түркүктөрү деген эмне?
الجواب
ج:الإيمان بالله تَعَالَى:
أن تؤمن بأن الله هو الذي خلقك ورزقك، وهو المالك والمدبر وحده للمخلوقات.
وهو المعبود، لا معبود بحقٍّ سواه. الذي له الخلق والأمر، والحكم والتشريع وحده لا شريك له.
وأنه العظيم الكبير الكامل الذي له الحمد كله، وله الأسماء الحسنى والصفات العُلى، ليس له ند، ولا يشبهه شيء سُبْحَانَهُ.
الإيمان بالملائكة:
وهي مخلوقات خلقها الله من نور، لعبادته وللانقياد التام لأمره.
- قال تعالى:
﴿بَلۡ عِبَاد مُّكۡرَمُونَ *
لَا يَسۡبِقُونَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ وَهُم بِأَمۡرِهِۦ يَعۡمَلُونَ﴾
[الأنبياء: ٢٦-٢٧].
- وقال عليه الصلاة والسلام:
«خُلِقَتِ الْمَلَائِكَةُ مِنْ نُورٍ»
رواه مسلم.
- ومنهم جبريل عَلَيْهِ السَّلَامُ الذي ينزل بالوحي على الأنبياء.
قال تعالى:
﴿وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ *
نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ *
عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ *
بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ﴾
[الشعراء: ١٩٢-١٩٥].
الإيمان بالكتب:
وهي الكتب التي أنزلها الله على رسله.
- كالقرآن: على محمد صلى الله عليه وسلم.
- الإنجيل: على عيسى عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- التوراة: على موسى عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- الزبور: على داود عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- صحف إبراهيم وموسى: على إبراهيم وموسى عليهما السلام.
الإيمان بالرسل:
وهم من أرسلهم الله إلى عباده ليعلموهم، ويبشروهم بالخير والجنة، وينذروهم عن الشر والنار.
وأفضلهم: أولو العزم، وهم:
- نوح عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- إبراهيم عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- موسى عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- عيسى عَلَيْهِ السَّلَامُ.
- محمد صلى الله عليه وسلم.
الإيمان باليوم الآخر:
وهو ما بعد الموت في القبر، ويوم القيامة، ويوم البعث والحساب، حيث يستقر أهل الجنة في منازلهم وأهل النار في منازلهم.
﴿كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوۡنَ أُجُورَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۖ فَمَن زُحۡزِحَ عَنِ ٱلنَّارِ وَأُدۡخِلَ ٱلۡجَنَّةَ فَقَدۡ فَازَۗ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ﴾
[آلِ عِمۡرَانَ: ١٨٥].
الإيمان بالقدر خيره وشره:
- القدر: هو الاعتقاد بأن الله يعلم كل شيء يقع في الكون، وأنه كتب ذلك في اللوح المحفوظ، وشاء وجوده وخلقه.
قال تَعَالَى:
﴿إِنَّا كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَٰهُ بِقَدَرٖ﴾
[القمر: ٤٩].
- وهو على أربع مراتب:
الأولى: علم الله تَعَالَى، ومن ذلك علمه المسبق لكل شيء، قبل وقوع الأشياء وبعد وقوعها.
دليلها: قوله تَعَالَى:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡأَرۡحَامِۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسٞ مَّاذَا تَكۡسِبُ غَدٗاۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسُۢ بِأَيِّ أَرۡضٖ تَمُوتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرُۢ﴾
[لقمان: 34].
الثانية: أن الله كتب ذلك في اللوح المحفوظ، فكل شيء وقع وسيقع فهو مكتوب عنده في كتاب.
﴿۞ وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلۡغَيۡبِ لَا يَعۡلَمُهَآ إِلَّا هُوَۚ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۚ وَمَا تَسۡقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعۡلَمُهَا وَلَا حَبَّةٖ فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡأَرۡضِ وَلَا رَطۡبٖ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ﴾
[الأنعام: 59].
الثالثة: وهو أن كل شيء يقع بمشيئة الله ولا يقع شيء منه أو من خلقه إلا بمشيئته تَعَالَى.
والعبد له اختيار وله إرادة وله مشيئة، لكن هذه الإرادة وهذه المشيئة لا تقع إلا بعد مشيئة الله سبحانه وتعالى.
﴿لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ 28
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 29﴾
[التكوير: 28 - 29].
الرابعة: الإيمان أن جميع الكائنات مخلوقة خلقها الله، وخلق ذواتها وصفاتها وحركاتها، وكل شيء فيها.
﴿وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ﴾
[الصافات: 96].
Жооп: Аллах Таалага ыйман келтирүү:
Аллах сени жаратканына, сага ырыскы бергенине жана Ал гана бүткүл макулуктардын жалгыз Ээси (Падышасы) жана Башкаруучусу экенине ыйман келтирүүң.
Ал ибадат кылынууга татыктуу Зат, Андан башка сыйынууга татыктуу эч бир зат жок. Жаратуу, буйрук берүү, өкүм кылуу жана мыйзам чыгаруу Ага гана таандык. Ал жалгыз, Анын шериги да жок.
Ал – бүткүл мактоо Ага гана таандык болгон Улук, Чоң жана Кемелдүү (Аллах). Эң көркөм ысымдар жана эң жогорку сыпаттар Ага гана тиешелүү. Анын эч кандай теңдеши жок жана Ага эч нерсе окшобойт. Ал (кемчиликтерден) Аруу!
Периштелерге ыйман келтирүү:
Периштелер Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу жана Анын буйругуна толук баш ийүү үчүн нурдан жараткан макулуктары.
Аллах Таала минтип айткан:
"Андай эмес, алар урматтуу пенделер (кулдар)".
"Алар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат".
(Анбия сүрөсү, 26-27-аяттар).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Периштелер нурдан жаратылган".
Муслим риваят кылган.
Алардын бири – пайгамбарларга вахий алып түшкөн Жебирейил алейхи салам.
"Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн".
"Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,
сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.
(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн)".
(Шуара сүрөсү, 192-195-аяттар).
Китептерге ыйман келтирүү:
Алар – Аллах Таала Өз элчилерине түшүргөн китептери.
Мисалы Куран сыяктуу: аны Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүргөн.
Инжил: Иса пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Тоорат: Муса пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Забур: Дауд пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Ибрахимдин жана Мусанын барактары: Ибрахим менен Мусага (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) түшүргөн.
Элчилерге ыйман келтирүү:
Алар – Аллахтын, пенделерине динди үйрөтүү, жакшылык жана Бейиш менен сүйүнчүлөө, жамандыктан жана Тозоктон эскертүү үчүн жиберген элчилери.
Алардын эң абзели: «улул-азм» (сабырдуулук ээлери), алар:
Нух (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Муса (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Иса (ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун).
Акырет күнүнө ыйман келтирүү:
Ал – өлүмдөн кийинки кабыр жашоосу, Кыямат күнү, кайра тирилүү жана эсеп-кысап күнү. Ал күнү Бейиш эли Бейиштен, Тозокко ылайык болгондор Тозоктон орун алышат.
"Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар. Ал эми, ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес".
(Аалу Имран сүрөсү, 185-аят).
Тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан экенине ыйман келтирүү:
Тагдыр: бул Аллах Тааланын ааламда боло турган бардык нерсени билерине, аны Лавхул-Махфузга жазып, анын болушун каалап жана аны жаратканына ишенүү.
"Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз".
(Камар сүрөсү, 49-аят).
Ал төрт баскычтан турат:
Биринчиси: Аллах Тааланын илими – бул, Анын бардык нерсени, боло электе да, болгондон кийин да алдын ала билүүсү.
Буга далил: Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
"Кыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар".
(Лукман сүрөсү, 34-аят).
Экинчиси: Аллах муну Лавхул Махфузда жазып койгон. Болуп өткөн жана боло турган нерселердин баары Анын алдында китепте жазуулуу.
"Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар".
(Анаам сүрөсү, 18-аят).
Үчүнчүсү: Ар бир нерсе Аллахтын каалоосу менен ишке ашат. Аллах тараптан же Анын макулуктары тараптан болгон эч бир нерсе Анын каалоосуз болбойт.
Пенденин ыктыяры, эрки жана каалоосу бар, бирок бул эрки менен каалоосу Аллах Тааланын каалоосунан кийин гана ишке ашат.
"Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн
ал эми силер (о пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!"
(Таквир сүрөсү, 28-29-аяттар).
Төртүнчү: Бардык нерселерди, алардын затын, сыпатын, аракеттерин жана алардагы бардык нерсени Аллах жаратканына ыйман келтирүү.
"Силерди да, силердин ишиңерди да Аллах жараткан!"
(Саффат сүрөсү, 96-аят).