Skip to content

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуганда колдорун кенен жайып сажда кылгандыктан, анын колтуктарынын актыгы көрүнүп калчу.

Абдуллах бин Малик бин Бухайна (ага Аллах ыраазы болсун) мындай дейт:

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуганда колдорун кенен жайып сажда кылгандыктан, анын колтуктарынын актыгы көрүнүп калчу.

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا صَلَّى فَرَّجَ بَيْنَ يَدَيْهِ حَتَّى يَبْدُوَ بَيَاضُ إِبْطَيْهِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждага жыгылган учурда эки колун эки тарабына канат сыяктуу жайып сажда кылгандыктан, анын колтугунун териси көрүнчү. Саждада эки чыканакты эки жагына кенен жайып, денеден көбүрөөк алыстатуу керек.

Хадистин пайдалары

Сажданы ушундай абалда, эки чыканакты денеден алысыраак ажыратып аткаруу керек.

Ал эми имамга уюган адам эки жанындагы адамга зыян тийгизиши мүмкүн болгондуктан, ага мындай кылуу шариятта айтылган эмес.

Саждага жыгылууда көп пайда, сырлар бар, анын бири: намаздагы сергектикти жана кызыгууну көрсөтүү. Анткени, саждада канча мүчө жерге тийсе, анын баары ибадаттагы өз акысын алат. Сажданын негизги сыры - кичипейилдикти көрсөтүү деп да айтылат. Ошондой эле бешене жана мурунду жерге жеткире тийгизет, ар бир мүчөнү өз-өзүнчө ажыратат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 87) (390).

Сахих Муслим (1/ 356) (495).

Дагы (6)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص162).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (2/ 207).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 134).