Skip to content

Араңардан ким гана болбосун, сөзсүз Аллах тууралуу жакшы күмөндө болгон абалда жан берсин.

Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болордон үч күн мурда мындай деп айтканын уктум:

«Араңардан ким гана болбосун, сөзсүз Аллах тууралуу жакшы күмөндө болгон абалда жан берсин.»

«لَا يَمُوتَنَّ أَحَدُكُمْ إِلَّا وَهُوَ يُحْسِنُ بِاللهِ الظَّنَّ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулманды өлүм алдында Аллах аны ырайым кылат жана кечирет деген үмүт тарабын үстөм кылуу менен, Аллах тууралуу жакшы күмөндө болуп жан берүүгө үндөгөн. Анткени коркуу сезими амалдарды жакшыртуу үчүн талап кылыныт, ал эми өлүм алдындагы абал — амал кыла турган убакыт эмес. Ошондуктан ал абалда үмүттүн үстөмдүк кылуусу талап кылынат.

Хадистин пайдалары

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө туура жолду көрсөтүүгө катуу умтулган жана бардык абалда аларга өтө боорукер болгон. Ал тургай өлүм алдындагы оорусунда да үммөтүнө насаат айтып, аларга кутулуу жолдорун көрсөткөн.

Ат-Тийби айтат: "Өлүм учурунда Аллахка жакшы күмөн кылууңар үчүн, азыр амалдарыңарды жакшырткыла. Анткени өлүм келгенге чейин кимдин амалы жаман болсо, өлүм учурунда анын күмөнү да жаман болот."

Пенденин эң толук абалы – үмүт менен коркуунун тең салмактуу болуусу жана сүйүүнүн үстөмдүк кылуусу. Анткени сүйүү – бул унаа, үмүт – жетелөөчү, коркуу – айдоочу, ал эми Өзүнүн ырайымы жана берешендиги менен максатка жеткирүүчү – бул Аллах.

Өлүм алдында жаткан адамдын жанында болгон киши, анын жүрөгүндө Аллахтан үмүт кылуу жана Аллахка жакшы күмөн кылууну үстөм кылуусу (буга көмөктөшүүсү) керек. Анткени бул хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул сөздү өзү кайтыш болоордон үч күн мурун айткандыгы баяндалууда.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2205) (2877).

Сахих Муслим (4/ 2205) (2877).

Дагы (12)

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 333).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 509).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 398).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 333).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 509).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 398).