Skip to content

"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"

Абдулла бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айбанаттар жана жырткычтар ичүү үчүн келген суу тууралуу сурашты.

"Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт"

«إِذَا كَانَ الْمَاءُ قُلَّتَيْنِ لَمْ يَحْمِلِ الْخَبَثَ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айбанаттар жана жырткычтар ичүү ж.б.у.с нерсе үчүн келген суунун тазалыгы тууралуу сурашты. Ал минтип жооп берди: Эгер суу эки чоң кумура чыга турган болсо, (болжолдо 210 литр) ал суу көп деп эсептелет жана нажас болбойт. Бирок түсү, даамы, же жыты өзгөрүп кетсе, анда нажас болот.

Хадистин пайдалары

Суунун үч касиети түсү, даамы, жыты нажас нерсе аралашуу менен өзгөрүп кетсе анда нажас эсептелет. Хадис көпчүлүк учурду эске алган, так чектеп айткан эмес.

Аалымдардын бир ооздон айткан пикиринде эгер сууну нажас нерсе аралашып өзгөртүп жиберсе, суу мейли аз болсун, мейли көп болсун нажас болуп эсептелет.

Булактар

Сунан Абу Дауд (1/ 46) (63).

Сунан ат-Тирмизи (1/ 109) (67).

Сунан ан-Насааи (1/ 46) (52).

Сунан Ибн Маажа (1/ 324) (517).

Муснад Ахмад (8/ 211) (4605).

Дагы (6)

توضيح الأحكام.

للبسام (1/ 121).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (1/ 67).

منحة العلام.

لعبد الله الفوزان (1/ 35).