Skip to content

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чач улоочуга жана чач улатуучуга, денеге сүрөт (татуировка) чегүүчүгө жана чектирүүчүгө каргыш айтты.

Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты:

"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чач улоочуга жана чач улатуучуга, денеге сүрөт (татуировка) чегүүчүгө жана чектирүүчүгө каргыш айтты."

لعن النبي صلى الله عليه وسلم الوَاصِلَةَ والمُسْتَوْصِلَةَ، والوَاشِمَةَ والمُسْتَوشِمَةَ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт түрдөгү адамга наалат айтып, Аллах Тааланын ырайымынан куулсун жана алыс болсун деп дуба кылган: Биринчи: Өзүнүн же башка бирөөнүн чачына башка чач улаган аял. Экинчи: Башка бирөөдөн өзүнүн чачына башка чачты улап берүүсүн суранган аял. Үчүнчү: Денеге сүрөт чегүүчү аял. Бул – сулуулук жана кооздук максатында бет, алакан же көкүрөк сыяктуу дененин бир жерине ийне сайып, анын орду көгөрүп же жашыл болуп калганга чейин ага сурьма же ушул сыяктуу нерселерди салган аял. Төртүнчү: Өзүнө сүрөт (татуировка) чектирүүнү сураган аял. Бул амалдар чоң күнөөлөрдөн.

Хадистин пайдалары

Ибн Хажар мынтип айткан: "Бул маселеде тыюу салынганы – чачты чачка улоо. Ал эми аял чачына чачтан башка чүпүрөк же ушул сыяктуу нерселерди уласа, анда ал тыюуга кирбейт."

Күнөө иште бири-бирине көмөктөшүү арам.

Аллахтын жаратканын өзгөртүүгө тыюу салынган. Анткени, ал жасалмалоо жана көз боёмочулук.

Аллах жана Анын элчиси каргыш айткандарга жалпысынан каргыш айтууга уруксат.

Азыркы учурда парик кийүү да тыюу салынган чач улоого кирет. Анда каапырларга окшошуу, алдоо жана көз бойомочулук болгондуктан, аны кийүү арам иш.

Имам Хаттабий мынтип айткан: "Бул нерселерде алдамчылык жана куулук болгондугу үчүн катуу эскертүү айтылган. Эгер алардын бирине эле уруксат берилсе, бул алдамчылыктын башка түрлөрүн да адал саноого себеп болмок. Ошондой эле, аларда жаратылышты өзгөртүү бар. Буга Ибн Масуддун хадисиндеги анын: «Аллахтын жаратканын өзгөртүүчүлөр» деген сөзү ишарат кылат. Аллах эң жакшы билет."

Имам Навави мынтип айткан: "Бул амал аны жасаганга да, жасатканга да арам. Сүрөт чегилген жер да нажас болуп калат. Эгерде аны дарылоо жолу менен кетирүү мүмкүн болсо, кетирүү важиб болот. Ал эми кесүү менен гана кетирүү мүмкүн болуп, бирок андан өмүргө зыян келүүдөн, кайсы бир мүчөсүнөн же анын кызматынан ажырап калуудан, же көрүнүп турган мүчөдө көрксүз айып калуусунан корксо, аны кетирүү важиб эмес. Эгерде тобо кылса, анын мойнунда күнөө калбайт. Ал эми жогорудагы нерселерден коркунуч болбосо, аны кетирүү милдет болот жана кечиктиргендиги үчүн күнөөкөр болот."

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 167) (5947).

Сахих Муслим (3/ 1677) (2124).

Дагы (6)

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (5/ 373).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 157).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (7/ 354).