Skip to content

Өздөрүнө зулумдук кылгандардын турак жайларына ыйлаган абалыңарда гана киргиле

Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге Хижрдин жанынан өтүп бара жатканбыз, ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындай деди:

«Өздөрүнө зулумдук кылгандардын турак жайларына ыйлаган абалыңарда гана киргиле! Алардын башына түшкөн (азап) силердин да башыңарга түшүп калышынан сак болгула!» Андан соң ал (улоосун) тездетип, ал жерди артта калтырганга чейин ылдамдады.

«لَا تَدْخُلُوا مَسَاكِنَ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ، إِلَّا أَنْ تَكُونُوا بَاكِينَ؛ حَذَرًا أَنْ يُصِيبَكُمْ مِثْلُ مَا أَصَابَهُمْ» ثُمَّ زَجَرَ فَأَسْرَعَ حَتَّى خَلَّفَهَا.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Самуд коомунун журтунан өтүп баратып, өздөрүнө зулумдук кылып азапталгандардын жерлерине кирүүдөн же аларга баруудан тыйды. Бир гана ал жерге кирген адам аларга тийген азаптын өзүнө да тийип калуусунан коркуп, ыйлаган жана алардан сабак алган абалда болуусу керектигин айтты. Андан кийин улоосун катуу айдап, ал жерден өтүп кеткенге чейин ылдамдатты.

Хадистин пайдалары

Аллах Таала кыйратып жок кылгандардын абалдарына ой жүгүртүү жана алар дуушар болгон нерседен сак болуу. Ошондой эле аят-белгилерге акыл жүгүртүүдөн бейкапар калуудан сак болуу.

Бул азапка дуушар болгондордун жашаган жайларында алардан кийин жашоого жана ал жерди мекен кылып алууга болбойт. Анткени ал жерде туруктуу отурукташкан адам дайыма ыйлап жүрө албайт, ал эми ал жерлерге мындай абалда болмоюнча кирүүгө тыюу салынган.

Имам Навави айтат: "Хадис залымдардын жерлеринен жана азап болгон жерлерден өткөндө этият болууга, ошол сыяктуу эле Мухассир өрөөнүнөн тез өтүүгө үндөйт. Анткени ал жерде Пил ээлери кыйрашкан. Ошондуктан мындай жерлерден өткөн адам этият болуп, коркуп, ыйлап, алардан жана алардын кыйрашынан сабак алуусу, ошондой эле мындан Аллахтын сактоосун тилөөсү керек."

Тыюу салуу жана эскертүү Самуд элинин, ошондой эле алар сыяктуу азапка дуушар болгон башка бардык коомдордун жашаган жайларын камтыйт.

Бул жерлерди жана орундарды саякаттоо, сейилдөө жана ушул сыяктуу иштер үчүн колдонууга тыюу салынган.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 149) (3380).

Сахих Муслим (4/ 2286) (2980).

Сахих ал-Бухари (4/ 149) (3380).

Сахих Муслим (4/ 2286) (2980).

Дагы (6)

النهاية في غريب الحديث والأثر (187) (395).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (6/ 458) (5/ 368).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 169).

النهاية في غريب الحديث والأثر (187) (395).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (6/ 458) (5/ 368).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 169).