Skip to content

Кичинекей күнөөлөрдөн сактангыла!

Сахл ибн Саад (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кичине күнөөлөрдөн сактангыла! Анткени кичине күнөөлөрдүн мисалы, бир өрөөнгө келип түшкөн коом сыяктуу. Анан бири бир чырпык алып келет, башкасы да бир чырпык алып келет да, ошентип нандарын бышырып алышат. Чындыгында, кичине күнөөлөр үчүн анын ээси качан суракка тартыла турган болсо, алар аны кыйратат».

«إِيَّاكُمْ وَمُحَقَّرَاتِ الذُّنُوبِ، فَإِنَّمَا مَثَلُ مُحَقَّرَاتِ الذُّنُوبِ كَقَوْمٍ نَزَلُوا فِي بَطْنِ وَادٍ، فَجَاءَ ذَا بِعُودٍ، وَجَاءَ ذَا بِعُودٍ، حَتَّى أَنْضَجُوا خُبْزَتَهُمْ، وَإِنَّ مُحَقَّرَاتِ الذُّنُوبِ مَتَى يُؤْخَذْ بِهَا صَاحِبُهَا تُهْلِكْهُ».

Ахмад жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичине күнөөлөрдү жасоого кайдыгер кароодон жана аларды көбөйтүүдөн тыйып эскертти. Анткени алар чогулуп олтуруп адамды кыйратат. Ал буга бир өрөөнгө түшкөн коомду мисал келтирди: алардын ар бири бирден кичинекей чырпык алып келип, ошентип чогулган чырпыктардын жардамы менен нандарын бышырып алышкан. Чындыгында, кичине саналган күнөөлөр да, эгерде ээси алардан тообо кылбай же Аллах аны кечирбесе, ээси алар үчүн жоопко тартылып, кыйроого учурайт.

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүнүү жеңил болушу жана маанини дагы да ачыкташ үчүн мисалдарды келтирүү жолу.

Жеңил саналган кичине күнөөлөрдөн сактанууну эскертүү жана аларды жууп тазалоого шашылууга үндөө.

Кичине саналган күнөөлөр бир нече маанини камтыйт: Биринчиси: Пенде аны кичине күнөөлөрдөн деп ойлоп жасаган күнөөлөр, бирок ал Аллах Тааланын алдында чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Экинчиси: Пенденин кичине күнөөлөрдү ага маани бербестен жана андан тообо кылбастан жасоосу. Ошентип, бул кичине күнөөлөр чогулуп олтуруп, акыры аны кыйратат. Үчүнчүсү: Пенденин кичине күнөөлөрдү ага маани бербестен жасоосу. Бул анын кыйратуучу чоң күнөөлөргө кириптер болуусуна себеп болот.

Булактар

Муснад Ахмад (37/ 466) (22808).

Муснад Ахмад (37/ 466) (22808).

Дагы (4)

التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 405).

فيض القدير (3/ 127).

التيسير بشرح الجامع الصغير (1/ 405).

فيض القدير (3/ 127).