Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الغَاشِية

الغَاشِية is chapter 88 of the Quran and has 26 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

26 Аяттар Сүрөнүн номери 88
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡغَٰشِيَةِ

(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?

Explanation & meanings · 1
  1. “Гаашиянын” мааниси “Ороп алуучу”. “Ороп алуучу” – бул Кыямат окуясы. Анткени, Кыямат окуясы башталганда ааламдык кыйроолор жана башка дүрбөлөңдүү алааматтар себептүү бардык жан-жаныбарларды чоң коркунуч ороп калат. Айрыкча каапырлар катуу коркушат. Себеби, алар бул күнгө ишенишпеген эле. Кийинки аяттар ошол күнкү каапырлардын абалы жөнүндө.

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ

Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).

عَامِلَةٞ نَّاصِبَةٞ

(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...

تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةٗ

кызыган отко кирет!

تُسۡقَىٰ مِنۡ عَيۡنٍ ءَانِيَةٖ

(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!