Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الفَجر

الفَجر is chapter 89 of the Quran and has 30 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

30 Аяттар Сүрөнүн номери 89
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلۡفَجۡرِ

Таңга ант!

وَلَيَالٍ عَشۡرٖ

Он түнгө ант!

وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ

Жуп менен такка ант!

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ

Жана өтүп жаткан түнгө ант!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.

هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٞ لِّذِي حِجۡرٍ

Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!