Skip to content

суроо: Кантип даарат аласыз?

الباب / الفصل
قسم الفقه

السؤال

س4: كيف تتوضأ؟

4-суроо: Кантип даарат аласыз?

الجواب

ج:بغسل الكفين ثلاثًا.

والمضمضة والاستنشاق والاستنثار ثلاثًا.

  • والمضمضة: جعل الماء في الفم ومجه وطرحه.
  • والاستنشاق: جذب الماء بالهواء إلى داخل الأنف بيمينه.
  • والاستنثار: وهو إخراج الماء من الأنف بعد الاستنشاق بيساره.
  • ثم غسل الوجه ثلاثًا.
  • ثم غسل اليدين إلى المرفقين ثلاثًا.
  • ثم مسح الرأس تقبل بيديك وتدبر، وتمسح الأذنين.
  • ثم غسل الرجلين إلى الكعبين ثلاثًا.

هذا هو الأكمل، وقد ثبت ذلك عن النبي ﷺ في أحاديث في البخاري ومسلم، رواها عنه عثمان وعبد الله بن زيد وغيرهما،

وقد ثبت أيضًا عنه في البخاري وغيره:

«أنه توضأ مرة مرة، وأنه توضأ مرتين مرتين» بمعنى: أنه يغسل كل عضو من أعضاء الوضوء مرة، أو مرتين.

Жооп: Эки колду билекке чейин үч жолу жуу.

Мазмаза, истиншак жана истинсарды үч жолудан кылабыз.

  • Мазмаза: оозго суу алып, оозду чайкап, кайра түкүрүү.
  • Истиншак: оң колуна су алып, аны абанын жардамы менен мурунга тартуу.
  • Истинсар дегенибиз: истиншак кылгандан кийин мурундагы сууну сол кол менен чимкирип чыгаруу.

Анан бетти үч жолу жуу.

Анан эки колун чыканактарын кошуп үч жолудан жуу.

Анан башты алдыга-артка сүрүп масх тартуу, андан соң эки кулакка масх тартуу.

Анан эки бутун кызыл ашыктарын кошуп үч жолу жуу.

Бул – даараттын эң толугу. Бул пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бухари жана Муслимдин жыйнактарындагы хадистерде тастыкталган, ал хадистерди андан Усман, Абдуллах ибн Зайд жана башкалар риваят кылышкан.

Ошондой эле Бухариде жана башка (жыйнактарда) Пайгамбардан төмөндөгүлөр да бекемделген:

«Ал бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды. Жана ал эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды". Мунун мааниси: дааратта жуула турган мүчөлөрдү бир жолудан, кээде эки жолудан жууган.