суроо: Даараттын парздары кайсылар жана алардын саны канча?
- الموضوعات
- الطهارةأحكام الوضوء
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةالوضوءأركان الوضوء
- الباب / الفصل
- قسم الفقه
السؤال
س5: ما هي فرائض الوضوء، وعددها؟
5-суроо: Даараттын парздары кайсылар жана алардын саны канча?
الجواب
ج:هي التي لا يصح وضوء المسلم إذا ترك واحدة منها.
- غسل الوجه، ومنه المضمضة والاستنشاق.
- غسل اليدين إلى المرفقين.
- مسح الرأس ومنه الأذنين.
- غسل الرجلين إلى الكعبين.
- الترتيب بين الأعضاء، بأن يغسل الوجه، ثم اليدين، ثم مسح الرأس، ثم غسل الرجلين.
قال تعالى:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قُمۡتُمۡ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ فَٱغۡسِلُواْ وُجُوهَكُمۡ وَأَيۡدِيَكُمۡ إِلَى ٱلۡمَرَافِقِ وَٱمۡسَحُواْ بِرُءُوسِكُمۡ وَأَرۡجُلَكُمۡ إِلَى ٱلۡكَعۡبَيۡنِۚ﴾
[المائدة: ٦].
- الموالاة: وهي الوضوء في وقت متواصل، دون فاصل من الوقت حتى تجف الأعضاء من الماء.
كأن يتوضأ نصف وضوء، ويكمل في وقت آخر، فلا يصح وضُوؤُه.
لحديث:
«أن النبي صلى الله عليه وسلم رأى رجلًا يصلي وفي ظهر قدمه لمعة قدر الدرهم، لم يصبها الماء، فأمره النبي صلى الله عليه وسلم أن يعيد الوضوء والصلاة»
رواه أبو داود.
Жооп: Даараттын парздарынан бирин калтырса, мусулмандын даараты жараксыз болот.
- Бетти жуу: ага ооз жана мурунду жуу кошулат.
- Эки колду чыканактарды кошуп жуу.
- Башка масх тартуу, эки кулак да ушуга кирет.
- Эки бутту кызыл ашыктарды кошуп жуу.
- Жуула турган мүчөлөрдү тартиби менен жуу: адегенде бетти, андан кийин колдорду жууп, андан соң башка масх тартып, анан эки бутту жуу.
Аллах Таала минтип айткан:
"О, ыйман келтиргендер! Эгер намаз окумакчы болсоңор бетиңерди, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла (колду суулап, башка сүрткүлө) жана бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула".
(Маида сүрөөсү, 6-аят).
- Биринин артынан бирин жуу: бул — мүчөлөр кургап калгыдай убакыт өткөрбөстөн, дааратты үзгүлтүксүз алуу.
Даараттын жарымын алып, калганын башка убакытта толуктаса, анын даараты жарактуу болбойт.
Хадисте минтип келген:
«Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуп жаткан бир кишинин бутунун үстүндө дирхамдын өлчөмүндөй суу тийбеген жерди көрүп, аны кайра даарат алып, намазды кайрадан окууга буйруду».
Абу Давуд риваят кылган.