Skip to content

суроо: Даараттын сүннөттөрү кайсылар жана алардын саны канча?

الباب / الفصل
قسم الفقه

السؤال

س6: ما هي سنن الوضوء، وعددها؟

6-суроо: Даараттын сүннөттөрү кайсылар жана алардын саны канча?

الجواب

ج:سنن الوضوء: وهي التي لو فعلها المتوضئ؛ له مزيد من الأجر والثواب، ولو تركها؛ فلا إثم عليه، ووضوؤه صحيح.

  1. التسمية: بسم الله.

لحديث:

«لا وضوء لمن لم يذكر اسم الله عليه»

رواه أبو داود.

  1. السواك.

«لولا أن أشق على أمتي لأمرتهم بالسواك مع كل وضوء»

رواه أحمد.

  1. غسل الكفين.
  2. تخليل الأصابع.

«أسبغ الوضوء، وخلل بين الأصابع، وبالغ في الاستنشاق، إلا أن تكون صائمًا»

رواه أهل السنن.

  1. الغسلة الثانية والثالثة للأعضاء.
  2. البدء باليمين.

لحديث: أم المؤمنين عائشة رضي الله عنها قالت:

«كان النبي صلى الله عليه وسلم يعجبه التيمن في تنعله، وترجله، وطهوره وفي شأنه كله»

متفق عليه.

  1. الذكر بعد الوضوء:

«أشهد أن لا إله إلا الله، وحده لا شريك له، وأشهد أن محمدًا عبده ورسوله».

رواه مسلم.

  1. الصلاة ركعتين بعده.

«من توضأ نحو وضوئي هذا ثم صلى ركعتين لا يحِّدث فيهما نفسه، غفر له ما تقدم من ذنبه»

رواه البخاري ومسلم.

Жооп: Даараттын сүннөттөрү: Даарат алуучу аларды аткарса, кошумча сооп-сыйлыкка ээ болот. Ал эми аткарбаса, ага күнөө жок жана даараты жарактуу болот.

  1. Бисмилланы айтуу: Аллахтын ысымы менен деп баштоо.

Хадисте минтип келген:

"Аллахтын ысымын айтпаган адамдын даараты жок".

Абу Давуд риваят кылган.

  1. Мисвак колдонуу.

«Эгер үммөтүмө кыйынчылык жаратпаганымда, анда аларга ар бир даарат алууда мисвак колдонууну буйрумакмын».

Ахмад риваят кылган.

  1. Эки колду билекке чейин жуу.
  2. Манжалардын салааларын жуу.

"Дааратты жакшылап ал, манжалардын арасын тазала жана мурунга сууну терең тарт, бирок орозо кармаган учурда андай кылба".

Сунан ээлери риваят кылган.

  1. Мүчөлөрдү экинчи жана үчүнчү жолу жуу.
  2. Оң жактан баштоо.

Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:

"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги эле ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрчү".

Бухарий менен Муслим риваят кылган.

  1. Даарат алып болгондон кийин дуба айтуу.

"Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем".

Муслим риваят кылган.

  1. Андан кийин эки рекет намаз окуу.

"Кимде-ким менин ушул дааратымдай даарат алса, анан ыклас жана берилүү менен эки рекет намаз окуса, анын мурдагы жасаган күнөөлөрү кечирилет".

Бухарий жана Муслим риваят кылган.