Skip to content

"Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

"Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.

«يَقْبِضُ اللَّهُ الأَرْضَ، وَيَطْوِي السَّمَوَاتِ بِيَمِينِهِ، ثُمَّ يَقُولُ: أَنَا المَلِكُ، أَيْنَ مُلُوكُ الأَرْضِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү жерди чеңгелдеп чогултуп, асманды оң колу менен түрүп, биринин-үстүнө бирин жыйып, аны кетирип жок кылат. Кийин: Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?! - дейт.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Аллахтын Падышалыгы түбөлүктүү, Андан башканын падышалыгы жок болуучу экенин эскерткен.

Аллахтын Улуктугу, Анын Кудуретинин жана Бийлигинин Күчтүүлүгү, Падышалыгынын кемчиликсиздиги (айтылган).

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 126) (4812).

Сахих Муслим (4/ 2148) (2787).

Дагы (3)

فتح الباري (13/367).

عمدة القاري شرح صحيح البخاري (23/ 101).

البحر المحيط الثجاج (43/324).