Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 11

Чыпкаларды алып салуу
«Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат».
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
"Кыямат күнү азанчылар адамдардын ичинен моюндары эң узуну болушат."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Мен кыямат күнү адамдардын мырзасы боломун. Анын себеби эмнеде экенин билесиңерби? Аллах мурунку жана кийинки бардык адамдарды бир түзөң жерге чогултат. Чакыруучунун үнү аларга угулат жана караган көз алардын баарын өзүнө камтыйт (баары бирдей көрүнүп турат). Күн жакындап, адамдар чыдай алгыс жана көтөрө алгыс кайгыга, кыйынчылыкка туш болушат. Ошондо адамдар: "Башыбызга түшкөн бул (оор) абалды көрбөйсүңөрбү? Раббиңердин алдында силерге шапаат кыла турган бирөөнү издебейсиңерби?" - дешет. Анан адамдардын кээ бирлери бири-бирине: "Адамга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) баргыла", - дешет. Алар Адамга келип, мындай дешет: "Сен адамзаттын атасысың, Аллах сени Өз колу менен жараткан, сага Өз рухунан үйлөгөн жана периштелерге буйрук берип, алар сага сажда кылышкан. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл!Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы? Башыбызга кандай мүшкүл түшкөнүн көрбөйсүңбү?". Ошондо Адам: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Ал мага даракка жакындабоого буйруган эле, бирок мен Анын буйругун аткарбай койдум. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Нухка баргыла!", - дейт. Анан алар Нухка келип: "Эй, Нух! Сен жер жүзүндөгүлөргө жөнөтүлгөн элчилердин эң биринчисисиң. Аллах сени "шүгүр кылуучу пенде" деп атаган. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Кудуреттүү, Улук Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Менин бир дубам бар эле, аны өз коомума каршы кылганмын. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Ибрахимге баргыла!", - дейт. Анан алар Ибрахимге келип: "Эй, Ибрахим! Сен жер жүзүндөгүлөрдүн арасынан Аллахтын пайгамбары жана Анын халилисиң (сүйүктүү досусуң). Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо ал аларга: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Чындыгында, мен үч жолу жалган сүйлөп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мусага баргыла!", - дейт. Анан алар Мусага келип: "Эй, Муса! Сен Аллахтын элчисисиң. Аллах Өзүнүн элчилиги жана сени менен сүйлөшүүсү аркылуу сени адамдардан абзел кылды. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Мен буйрук берилбеген бир жанды өлтүрүп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Марямдын уулу Исага баргыла!", - дейт. Анан алар Исага келип: "Эй, Иса! Сен Аллахтын элчисисиң жана Анын Марямга таштаган сөзү жана Андан болгон рухсуң. Сен бешикте жаткан наристе кезиңде эле адамдарга сүйлөгөнсүң. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Иса: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин эч качан мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт", - деп, эч кандай күнөөсүн эстебестен: "Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мухаммадга баргыла!", - дейт. Анан алар Мухаммадга келип: "Эй, Мухаммад! Сен Аллахтын элчисисиң жана пайгамбарлардын акыркысысың (мөөрүсүң). Аллах сенин мурунку жана кийинки бардык күнөөлөрүңдү кечирген. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо мен барып, Арштын астына келемин да, Кудуреттүү, Улук Раббиме сажда кылып жыгыламын. Андан кийин Аллах мага мурда эч кимге ачпаган Өзүнүн мактоолорун жана эң сонун даңктоолорун ачып берет (илхам кылат). Андан соң: "Оо, Мухаммад! Башыңды көтөр! Сура, сага берилет. Шапаат кыл, шапаатың кабыл кылынат", - деп айтылат. Ошондо башымды көтөрүп: "Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм!" - деймин. Анан: "Оо, Мухаммад! Үммөтүңдүн арасынан суракка тартылбай тургандарын Бейиштин эшиктеринин ичинен эң оң тараптагы эшиктен киргиз. Алар башка эшиктерден кирүүдө да адамдар менен ортоктош", - деп айтылат. Андан кийин Пайгамбарыбыз: "Жаным Анын колунда болгон Затка ант ичем! Чындыгында, Бейиш эшиктеринин эки капкагынын ортосундагы аралык Мекке менен Химьярдын ортосундагы аралыктай – же Мекке менен Бусранын ортосундагы аралыктай" - деди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)