«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Абдулла ибн Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
«يقالُ لصاحبِ القرآن: اقرَأ وارتَقِ، ورتِّل كما كُنْتَ ترتِّل في الدُنيا، فإن منزِلَكَ عندَ آخرِ آية تقرؤها».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жакшы окуган жана жаттаган ошондой эле анын өкүмдөрүнө амал кылган адам бейишке киргенде ага: «Бул дүйнөдө Куранды ой жүгүртүү жана шашпай окуган сыяктуу азыр да Куран оку жана аны окуу менен бейиштин даражаларына көтөрүл. Сенин даражаң сен окуган акыркы аятта болот» - деп айтылат.
...:
Кыяматтагы жаза жана сыйлыктар - иш-аракеттердин санына жана сапатына жараша болот.
Куранды окууга, аны так билүүгө, жаттоого, ой жүгүртүүгө жана ага ылайык амал кылууга Пайгамбарыбыз үндөөдө.
Бейиштин көптөгөн даражалары бар. Куран ээлери эң жогорку даражаларга жетет.
Сунан Абу Дауд (2/ 592) (1464).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 35) (2914).
Муснад Ахмад (11/ 403) (6799).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (7/ 272) (8002).
Дагы (3)
معالم السنن (1/290).
تحفة الأحوذي (8/187).
عون المعبود وحاشية ابن القيم (4/ 237).