Skip to content

Мен: "Оо, Аллахтын элчиси, кимге жакшылык кылайын?" - деп сурадым. Ал: «Энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, андан кийин атаңа, анан жакыныраак туугандарыңа», - деди.

Бахз ибн Хаким атасынан чоң атасынын мынтип айтканын кабарлайт:

"Мен: Оо, Аллахтын элчиси, кимге жакшылык кылайын? - деп сурадым. Ал: «Энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, андан кийин атаңа, анан жакыныраак туугандарыңа» - деди."

قُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ: مَنْ أَبَرُّ؟ قَالَ: «أُمَّكَ، ثُمَّ أُمَّكَ، ثُمَّ أُمَّكَ، ثُمَّ أَبَاكَ، ثُمَّ الْأَقْرَبَ فَالْأَقْرَبَ».

Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Хасан (жакшы)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууга, жакшы мамиле жасоого, жылуу-жумшак жашоого, аны менен бирге болууга жана катташууга адамдардан эң акылуусу – эне экендигин баяндаган. Жана ал эч кимди четте калтырбастан, эненин бардык адамдардан артыкчылыгын баяндоо үчүн муну үч жолу кайталоо менен анын акысы башкалардыкынан жогору экендигин баса белгилеген. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы мамиле кылууда андан кийин ким акылуу экенин баяндап мындай деди: Андан кийин атасы, анан туугандарынан эң жакыны, анан жакыны. Ал канчалык жакын болсо, алысыраагына караганда катташууга ошончолук акылуу болот.

Хадистин пайдалары

Хадисте энени алдын койду, андан кийин атасы, анан жакындык даражаларына жараша туугандарынан жакыныраагы болуп кете берет.

Ата-эненин, айрыкча эненин ордун баяндоо.

Хадисте энеге жакшылык кылууну үч жолу кайталады; бул анын балдарына кылган жакшылыгынын улуктугу үчүн жана курсагында көтөрүүнүн, андан кийин төрөттүн, андан соң эмизүүнүн көптөгөн кыйынчылыктарын, машакаттарын жана оордугун тарткандыгы үчүн. Буларды эне жалгыз өзү гана тартат, андан кийин тарбия берүүдө атага шерик болот.

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 453) (5139).

Сунан ат-Тирмизи (3/ 463) (1897).

Муснад Ахмад (33/ 230) (20028).

Сунан Абу Дауд (7/ 453) (5139).

Сунан ат-Тирмизи (3/ 463) (1897).

Муснад Ахмад (33/ 230) (20028).

Дагы (16)

عون المعبود شرح سنن أبي داود.

للعظيم آبادي (14/ 33).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (6/ 54).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (8/ 187).

فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 194).

عون المعبود شرح سنن أبي داود.

للعظيم آبادي (14/ 33).

توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.

للبسام (6/ 54).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (8/ 187).

فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.

لابن عثيمين (5/ 194).