Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

النَّجم

النَّجم is chapter 53 of the Quran and has 62 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

62 Аяттар Сүрөнүн номери 53
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ

Батып бара жаткан жылдызга ант!

Explanation & meanings · 1
  1. Физиканын «көзү » менен карасак, жылдыз батпайт. Бирок, Куран жөнөкөй адамдардын аң-сезимине багытталганы себептүү ушул сөз колдонулган. Жөнөкөй адамдар жылдыз өз ордунда турса деле, маселен: «жылдыз чыкты», «ай батты» дешет.

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ

(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ

Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.

إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ

Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ

Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.