Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الطُّور

الطُّور is chapter 52 of the Quran and has 49 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

49 Аяттар Сүрөнүн номери 52
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلطُّورِ

Тур тоосуна ант!

Explanation & meanings · 1
  1. «Тур» - бул Синай тоосунун бир аталышы. Муса алейхис салам ушул тоодо Аллах таала менен сүйлөшкөн.

وَكِتَٰبٖ مَّسۡطُورٖ

Жана жазылган Китепке ант.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы «Китепти» кээ бир тафсирчилер «Лавхул-Махфуз» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «Куран» дешкен.

فِي رَقّٖ مَّنشُورٖ

Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,

وَٱلۡبَيۡتِ ٱلۡمَعۡمُورِ

Жана Абад Үйгө ант!

Explanation & meanings · 1
  1. Курандагы ысымы «Байтул-Маамур» болгон бул Абад үй жетинчи асманда болуп, анын ичинде ар күн сайын жетимиш миң периште намаз окуйт. Кезек тийбей тизилип тургандардын саны ушунчалык көп болгондуктан бир жолу анда намаз окуган периште эгер дагы кезекке турчу болсо, Кыяматка чейин кезек келбейт.

وَٱلسَّقۡفِ ٱلۡمَرۡفُوعِ

Жана бийик тамга (асманга) ант!