Skip to content

суроо: Тавхиддин түрлөрү кайсылар?

الباب / الفصل
قسم العقيدة

السؤال

س10: ما أنواع التوحيد؟

10-суроо: Тавхиддин түрлөрү кайсылар?

الجواب

ج:1. توحيد الربوبية: وهو الإيمان بأن الله هو الخالق الرازق المالك المدبر، وحده لا شريك له.

  1. توحيد الألوهية: وهو إفراد الله بالعبادة، فلا يعبد أحد إلا الله تَعَالَى.
  2. توحيد الأسماء والصفات: وهو الإيمان بالأسماء والصفات لله تَعَالَى الواردة في الكتاب والسنة، من دون تمثيل، ولا تشبيه، ولا تعطيل، ولا تكييف.

ودليل أنواع التوحيد الثلاثة:

قوله تَعَالَى:

﴿رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا فَٱعۡبُدۡهُ وَٱصۡطَبِرۡ لِعِبَٰدَتِهِۦۚ هَلۡ تَعۡلَمُ لَهُۥ سَمِيّٗا﴾

[مريم: 65].

Жооп: 1. Тавхид рубубия: бул – Аллах Таала Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Падыша жана Башкаруучу, Ал жалгыз, Анын шериги жок деп ыйман келтирүү.

  1. Тавхид улухия: Бул – ибадатты жалгыз Аллахка арноо, демек, жалгыз Аллах Тааладан башкага ибадат кылынбайт.
  2. Тавхид Асмаа уас-Сифат: бул – Куран жана Сүннөттө келген Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына аларды окшоштурбастан, бурмалабастан, жокко чыгарбастан жана сүрөттөбөстөн ыйман келтирүү.

Тавхиддин үч түрүнүн далили:

Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»

(Мариям сүрөсү, 65-аят).