Skip to content

"«Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт!» –Оо, Аллахтын элчиси, ал ким? – деп суралганда. Ал айтты: «Кошунасы анын зыянынан аман болбогон адам»."

Абу Шурайх (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:

"«Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт!» – Оо, Аллахтын элчиси, ал ким? – деп суралганда. Ал айтты: «Кошунасы анын зыянынан аман болбогон адам»."

«وَاللَّهِ لاَ يُؤْمِنُ، وَاللَّهِ لاَ يُؤْمِنُ، وَاللَّهِ لاَ يُؤْمِنُ»، قِيلَ: وَمَنْ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: «الَّذِي لاَ يَأْمَنُ جَارُهُ بَوَايِقَهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип, антын үч жолу бекемдеп: «Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт! Аллахка ант, ыймандуу болбойт!» – деди. Сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу болбойт?» – деп сурашты. Ал: «Кошунасы анын кыянаттыгынан, зулумдугунан жана жамандыгынан корккон адам», – деп айтты.

Хадистин пайдалары

Кошунасы анын зулумдугунан жана жамандыгынан аман болбогон адамдын ыйманы толук болбостугу, анын бул кылганы чоң күнөөлөрдүн бири экендигине жана аны кылган адамдын ыйманы алсыз экендигине далил.

Кошунага жакшылык кылууга жана сөз менен же кыймыл аракет менен ага зыян келтирбөөгө катуу үндөлөт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 10) (6016).

Дагы (2)

التوضيح لشرح الجامع الصحيح (28/ 321).

النهاية في غريب الحديث والأثر (93).